Дүйнөлүк басма сөз 31. 12.2014

Дүйнөлүк басма сөздө Түркия тууралуу маалыматтар

166580
Дүйнөлүк басма сөз 31. 12.2014

Англиянын Ройтерс агенттиги «Түркия – Ирак аскердик өнөктөштүгү» деген маалыматында экөөсү да ИШИМдин алдыга жылуусунан тынчсызданган Түркия жана Ирак ашыкча радикал суннит террористтерге каршы согушта дагы кенен масштабдуу бир аскердик өнөктөштүккө карата иштөөгө убада бергени белгиленген. Премьер – министр Ахмет Давутоглу ирактык кесиптеши Хайдар ел Абади менен өткөргөн биргелешкен пресс – жыйынында Түркиянын аскердик жардамын кеңейтүү үчүн Ирак менен кызматташтык түзүүгө даяр экенин айтты. Премьер – министр Давутоглу : «Коргоо министрлерибиз бул тууралуу дагы кенен иштерди аткарат. Аскердик билим берүү жактан ансыз да жардам бердик. Бул тармактарда бере ала турган бардык жардамды берүүгө даярбыз»,- деди.
Орусия – Итар – Тасс агенттиги «Кыргызстан – Түркия соода көлөмү» деген маалыматында Кыргызстан жана Түркия соода көлөмүн үч эсеге чыгара турган бир миллиард долларга чыгарууну пландап жатканын билдирген. Сөзү болгон пландар Бишкекте өткөрүлгөн кыргыз – түрк өкмөттөр аралык комиссиянын жыйынында белгиленди. Кыргызстандын вице – премьери Тайырбек Сарпашев жыйында сүйлөгөн сөзүндө : «Өткөн жылы эки тараптуу соода көлөмүбүз 297 миллион доллар эле. Бул жылдын биринчи сегиз айында соода көлөмүбүз 320 миллионго чыкты. Бул багытта иштөө жана соода көлөмүбүздү бир миллиард долларга жеткирүү керек»,- деди. Комиссиянын түрк кош төрагасы вице - премьер Нуман Куртулмуш болсо Евразия экономикалык биримдигине кошулуусунун кызматташтык үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү жаратарын билдирди. Куртулмуш : «Түркия менен Кыргызстандын ортосунда соода көлөмү 2010 - жылдан кийин 10 эсе өстү. Кыргыз тарабынын алдыбыздагы жылдарда эки тараптуу соода көлөмүн бир миллиард долларга чыгаруу тууралуу пландарын толугу менен колдойбуз»,- деди.
Македониянын «Дневник» гезити «Давутоглу – Груевский сүйлөшүүсү» деген маалыматында Македонияда түркчө билим берүү майрамына катышкан Македониянын премьер – министри Никола Груевский түрк тилинин Македониянын эң негизги тилдеринин бири экенин белгилеп Түркия менен кызмтаташтыктын мындан кийин да улантыларын айтканын билдирген. Түрк кесиптеши Ахмет Давутоглу да катышкан аземде Груевский башка тилдердин сакталуусунун Македониянын көп түрдүү түзүлүшү үчүн абдан маанилүү экенин баса белгиледи.
Груевский Македониядагы түрк коомунун мындай майрамдарын Македония менен Түркиянын эки өлкөнүн чыныгы жана салттык достугуна маани беришинин далили экенин белгиледи. Премьер – министр Ахмет Давутоглу да карым – катнаштардын түбөлүккө улантыларын белгилеп бул байланыштардын дагы да күчтөнөрүн баса белгиледи. Давутоглу : «Өлкөлөрүбүздүн ортосундагы сапарлар ай сайын иреттүү түрдө улантылат»,- деди.
АКШнын «Defense News» журналы «Экинчи А 400М учагы өткөрүп алынды» деген маалыматында коргонуу өнөр жайынын кеңешчилиги экинчи А 400М стратегиялык учагын өткөрүп алганын жарыялаган. Өткөрүп берүү Испаниянын Севилла шаарындагы Airbus консорциумунда ишке ашырылды. А400М учагынын кардары болгон өлкөлөрдүн арасында Бельгия, Франция, Германия, Люксембург, Малайзия, Испания жана Англия орун алууда.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар