Дүйнөлүк басма сөз 5. 11. 2014

Дүйнөлүк басма сөздө Түркия тууралуу маалыматтар

182162
Дүйнөлүк басма сөз 5. 11. 2014

Грецияныны Onalert.gr интернет сайты «Стамбулда достук жолугушуусу» деген маалыматында Европа Биримдигинин жаңы миграция жана ички иштер комиссары Димитрис Аврамопулос Стамбулда президент Р. Т. Эрдоган менен «достук» мүнөзүндө жолугушуу өткөргөнүн жазган. Авромопулос жана Эрдоган Стамбулдагы жолугушуу учурунда аймактагы абалдар, коопсуздук жана экономикалык кызматташтык темалары сыяктуу тармактарды карап чыгышты.
Ирандын «Мехр» гезити «Зариф – Чавушоглу жолугушуусу» деген маалыматында Ирандын тышкы иштер министри Мухаммет Жеват Зариф Афганстан жана тегерегинде ырааттуулуктун түзүлүшү максатында өткөрүлгөн «Стамбул процесси төртүнчү тышкы иштер министрлери конференциясынын» алкагында тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу менен жолугушканын жазган. Гезиттин билдиргенине караганда эки өлкөнүн тышкы иштер министрлери айрыкча Ирандын P5+1 тобу менен атомдук сүйлөшүүлөр тууралуу жолугушуп жана түрк тарабы сүйлөшүүлөрдүн жакшырганынан улам ыраазы болгонун белгилеген. Чавушоглу менен жолугушуусунда эки өлкөнүн арасындагы соода көлөмү жана карым – катнаштардын өсүүсү үчүн Иран менен түрк жетекчилеринин пикир алышууларда болушу керектигин баса белгилеген Зариф тышкы иштер министрин Иранга чакырган.
Япониянын «Nihon Keizai Shimbun» гезити «Түркияга карата инвестициялар колдоого алынат» деген маалыматында япон өкмөтү Түркия менен инвестиция, соода жана маданий таасирлешүүнүн күчтөндүрүлүшү планына жол башчылык кыла турган «Япония – Түркия экономикалык жана маданий таасирдешүүнү колдоо жана коомдук – менчик байланыш конференциясын» өткөрөт. Гезиттин билдиргенине караганда япон фирмаларынын финансы жана базистик сыяктуу тармактарда Түркия базарына кирүүсү ылдамдайт. Тийиштүү расмий мекеме башкаруучулары менен менчик фирма башкаруучулары жолугушуп аймактагы проектилерди аткара ала турган кызматкерлердин жетиштирилүүсү сыяктуу темаларда пландар каралат. Конференциянын жылдын ичинде биринчисинин өткөрүлүшү пландалууда. Конференциянын финансы, камсыздоо, соода, автомобиль сыяктуу тармактарда иш алып барган фирма башкаруучулары чакырылат.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар