Дүйнөлүк басма сөз 22. 10. 2014

Дүйнөлүк басма сөздө Түркия тууралуу маалыматтар

167053
Дүйнөлүк басма сөз 22. 10. 2014


Катардын Аль Жазира интернет сайты «Афганстанга берилген жардамдар улантылат» деген маалыматында президент Р. Т. Эрдогандын Афганстанга эң башта билим берүү, саясий жана экономикалык тармактарда болуу менен бардык жардамды берерин айтканын билдирген. Бир күндүк сапарында Эрдоган Афганстандын президенти Эшреф Гани Ахмердзали менен жолугушту. Эки лидер өткөргөн жолугушуудан кийин биргелеше пресс – жыйын өткөрүшкөн. Пресс – жыйында сөз сүйлөгөн Эрдоган : «Түркия мурунтадан эле афганстанга кандай жардам берген болсо азыр да жанында болууну улантат»,- деди.
Эл аралык колдоо күчүнүн Афганстандагы миссиясынын бул жылдын акырында соңуна чыгарын билдирген Эрдоган ушуга карабастан Түркия, АКШ, Германия жана Италиянын коопсуздук күчтөрүнүн өлкөдө каларын белгилеген. Эрдоган жолугушууда эки өлкөнүн арасында саясий, аскердик жана соода карым – катнаштарын сүйлөшкөндөрүн белгилеген. Афганстандын президенти болсо Түркиянын өлкөсүнө башта медицина жана билим берүү тармактары болуу менен бардык жардамды бергенин билдирген.
Орусиянын Итар – Тасс агенттиги «Коопсуз аймактардын түзүлүшү» деген маалыматында президент Р. Т. Эрдогандын Афганстан сапарынын акырында журналисттерге Сириянын түндүгүндө коопсуз аймактардын түзүлүшүнүн бул жерлерди басып алуу деген мааниге келбегенин айтканын билдирген. Эрдоган : «Бул Түркияга баш калкалаган Сирия жарандарынын өз жерлерине кайтуусу үчүн мүмкүнчүлүктү түзөт. Бул үчүн ал жерде коопсуздукту түзүү керек»,- деди.
Франциянын АФП агенттиги «Обама – Эрдоган күрөшүү убадасы» деген маалыматында Ак үйдөн берилген маалыматта АКШнын президенти Барак Обаманын президент Р. Т. Эрдоганга телефон чалганы жана ИШИМге каршы күрөштү күчтөндүрүү убадасын бергени белгиленген. АКШ тарабынан берилген маалыматта эки лидердин өзгөчө Кобанидеги абал жана ИШИМдин алдыга жылуусун токтотуу үчүн көрүлө турган чаралар болуу менен Сирия тууралуу сүйлөшүшкөнү белгиленди. Маалыматта АКШнын президентинин Кобаниден келген бир миллиондон ашуун качкынды тосуп алганы үчүн Түркияга рахмат айтканы билдирилип, ИШИМге каршы кызматташтыктын күчтөндүрүлүшү үчүн иш алып баруунун улантылуусун жакташкандары белгиленген.
Австриянын «Der Standard» гезити «Европа Биримдиги Австрияга доо ачууда» деген маалыматында Европа Биримдиги комиссиясы түрк жумушчуларынын жана үй – бүлөлөрүнүн укуктары тууралуу Австрияга Европа Адилеттик кеңешинде доо ачууда. Европа Комиссиясы Австрияны так түрдө жайгашуу жана жашоо мыйзамынын Европа Биримдиги менен Түркия арасындагы ортоктук келишимин бузуусу менен күнөөлөп жатат. Европа Биримдиги Комиссиясы акыркы болуп апрель айында Австрияны бул маселеден улам эскерткен болчу. Европа Биримдиги комиссиясы Австриянын эскертүүлөрүнө карабастан өз көз карашында катуу турганын ушунун айынан комиссиянын эми Европа адилеттик кеңешине кайрылганын билдирди.
Орусиянын Kommersant.ru интернет сайты «Түркия – Орусия аба транспорту» деген маалыматында Түркия менен Орусиянын аба транспортун өнүктүрүү пландары, авиация секторуна маанилүү өлчөмдө таасир берерин билдирген. Москва Трансаэро жана Аэрофлот аба жолу фирмаларынын Стамбулдан учууларын көбөйтүү үчүн түрк аба жолдору фирмаларынын Орусия аймактарындагы учуу жерлеринин санын көбөйтүшү мүмкүн. Орусия жана Түркия авиация башкаруусунун жетекчилеринин арасында сүйлөшүүлөр өткөрүлдү. Сүйлөшүүлөрдүн акырында Түркиянын Сибирь аймагына дагы көп учуу жана орус аба жолу фирмаларынын Ататүрк аэропортунан дагы көп учуусу күтүлгөн пландын 2015 – жылдын жай мезгилинде жетиштирилерин билдирген.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар