Дүйнөлүк басма сөз 30. 09. 2014

Дүйнөлүк басма сөздө Түркия тууралуу маалыматтар

145279
Дүйнөлүк басма сөз 30. 09. 2014

Франция АФП «Түркия күрөштүн тышында калбайт» деген маалыматында Президент Р. Т. Эрдоган жасаган маалыматында Түркиянын ИШИМ уюму менен согушкан эл аралык коалициянын тышында калбай турганын билдиргенин жазган. Эрдоган Стамбулдагы Дүйнөлүк экономикалык форумунда сүйлөгөн сөзүндө : «Бул жуманын ичинде тийиштүү кишилер менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзөбүз. Болушубуз керек болгон жерде болобуз. Мунун тышында кала албайбыз»,- деди.
Испаниянын Europa Press гезити «Европанын колдоосунун аздыгынан сөз кылды» деген маалыматында президент Р. Т. Эрдоган өлкөлөрүндөгү ИШИМ уюмунун кол салууларынан качкан сириялык баш калкалоочулар тууралуу Европанын колдоосунун аз экенинен сөз кылды. Эрдоган БУУнун Жалпы Кеңешинде сүйлөгөн сөзүндө бир жарым миллион сириялык баш калкалоочуга жардам берүү үчүн өлкөнүн 4 жарым миллион доллар каржаганын белгиледи. Эрдоган : «Сиздерден сураймын, бай жана күчтүү Европа өлкөлөрүнө эмне болду?»,- деген суроо берди. Эрдогандын айткандарына караганда бир гана 130 миң сириялыкка Европа өлкөлөрү тарабынан жардам берилди.
Франциянын «Figaro» гезити «Эрдоган буфер зонасынын түзүлүшүн каалап жатат» деген маалыматында чек араларынын коопсуздугун күчтөндүрүүнү каалаган Түркия, Сирия менен чек арасында бир буфер зонанын түзүлүшүн талап кылды. Президент Р. Т. Эрдоган долбоорлонгон чаралардын мазмуну жана ишке ашыруу тууралуу кенен маалымат бербестен өлкөнүн «өз чектерин коргой турганын» билдирди. Эрдоган бул үчүн «эл аралык легитимдүүлүктүн керек экенин» айтты.
Ирандын ИРНА кабар агенттиги «ИШИМ дүйнө үчүн коркунуч» деген маалыматында премьер – министр Ахмет Давутоглу ИШИМди : «Дүйнө үчүн коркунуч»,- деп мүнөздөдү. Ахмет Давутоглу Стамбулда сөз сүйлөгөн сөзүндө Түркиянын ИШИМ сыяктуу террордук уюмга карата мамилесинин так экенине токтолуп буларды айтты : «Бул уюмдар дүйнө жана өзгөчө мусулмандар үчүн коркунуч». Давутоглу ИШИМдин бардык өлкөлөрдөн дагы көп Түркия үчүн абдан чоң коркунуч экенин айтып буларды белгилеген : «Түркиядагы саясатчылардын бул тууралуу мамилеси так жана көптөгөн жолу билдирилди». Премьер – министрдин сөзүнүн башка бөлүмүндө Түркиядагы сириялык жана ирактык качкындарга да токтолуп буларды айтты : «Адамзаттык себептерден улам дүйнөнүн баары үнсүз калса, сириялык жана ирактык качкындарга жардам колун узатпаса да Түркия аларга жардам берүүнү улантат».
Катардын Аль Жазира интернет сайты «Дүйнө менен карым – катнаштарды тереңдетип жатат» деген маалыматында эл аралык статистикаларга таандык көрсөткүчтөр Түркиянын өлкө тышына жасаган гуманитардык жардамдардын негизинде биринчи орунду алганын белгилеген. Глобалдык гуманитардык жардам 2014 билдирмеси 1 миллиард 600 миллион долларлык жардам берген Түркияга «берешен өлкө» деген ат берди. Бул сан Түркиянын улуттук кирешесинин 0, 21 пайызына тең келет. Сөзү болгон билдирмеге караганда Түркия 2012 – 2013 – жылдардын арасында эң көп гуманитардык жардам берген үчүнчү өлкө болуп орун алды.
Өлкө чектеринин тышында жардам берүүнүн маанилүү бир ахлактык жоопкерчилик экенин белгилеген кайрымдуулук иштери жана гуманитардык жардам активисттери мунун Түркиянын эл аралык абалынын жакшыртылуусунда жана дүйнөнүн бир топ жеринде из калтыруусунда роль ойногонун билдирген. Активисттер мунун түрк коомунун тарыхый баскычтарына шайкеш келгенин да баса белгилешүүдө.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар