Дүйнөлүк басма сөз 24.09.2014

Дүйнөлүк басма сөздөн кыскача маалыматтар.

137277
Дүйнөлүк басма сөз 24.09.2014

AFPнин «Барымтага алынган түрк жарандары эркин кое берилди» деген маалыматында Президент Режеп Таййип Эрдогандын ИШИМ тарабынан качырылган 46 түрк жаранынын дипломатиялык сүйлөшүүлөрдөн кийин эркин кое берилгенин жана кандайдыр бир пара төлөнбөгөнүн билдиргенин жазган.
Маалыматта Эрдогандын, «Коалицияга кошулуу талабына эми макул боло алабыз, мурда муну аткара албайт элек. Барымтадагыларга байланыштуу маселе чечилгенге чейин эч нерсе кыла албай турганыбызды айтканбыз», дегени сөз кылынган.
Президент Эрдоган: «Коалицияда роль ала албай турганыбызды белгиледик, бирок коалиция мүчөлөрү менен тыгыз сүйлөшүүлөрдөн кийин жол картасын түзө алабыз»,- деп кошумчалады.
«Рейтер» маалымат агентиги Эрдогандын «пара төлөнгөн жок» дегинин жазган. Ройтерсте түрк чалгындоо кызматынын жооптуулары Ирак-Шам ислам мамлекети уюму тарабынан үч ай мурда Ирактын түндүгүндө барымтага алынган 46 кишини Түркияга алып келди. Президент Режеп Таййип Эрдоган бул окуяны жашыруун куткаруучу операция деп мүнөздөдү, дегени орун алган.
БУУнун баш катчылыгынын жыйындарына катышуу үчүн Нью-Йоркко аттанаардан мурда сөз сүйлөгөн Эрдоган темага байланыштуу, «Материалдык соодалашуу эч качан болбойт. Бул дипломатиялык ийгилик»,-деди.
«Рейтер» башка бир маалыматына «Түркия Европа Биримдигине мүчөлүк стратегиясын жарыялады» деген тема койгон.
Анда Түркия Жакынкы Чыгышта жана дүйнөнүн башка жерлеринде болуп жаткан кризистердин Анкара менен Европа Биримдигинин ортосунда дагы жакын кызматташуунун курулушун дагы маанилүү абалга келтиргенин белгиледи жана өлкөнүн Европа Биримдигине мүчөлүгү үчүн кечиккен жүрүшүн жандантууну максаттаган жаңы программасын жарыялаганы белгиленген.
Түркиянын стратегиясын ортого салган 12 барактык документте: «Сириядан Украинага жана Жакынкы Чыгыштан Түндүк Африкага чейин акыркы убактарда болгон чоң өзгөрүүлөр, Түркия менен Европа Биримдигинин глобалдык коркунучтарга каршы чогуу кыймыл кылуусун талап кылууда. Бул программа ноябрь айында күчүнө кирет жана «Саясий реформа процесси, катышуу процессинде социо-экономикалык айлануу жана ЕБ менен байланыш стратегиясына багытталат»,деп жазылган.

Испанияда чыккан «Ла-Вангуардия» гезити «Грециянын катышуусун талап кылды» деген кабарында премьер-министр Ахмет Давутоглунун грек жооптуулардан 40 жылдан бери бөлүнгөн абалда турган Аралдын биригүүсүн камсыздоого карай Кипрдагы ачык сүйлөшүү процессине дагы активдүү катышууларын талап кылганын жазган.
Бир күндүк сапар менен барган Түндүк Кипр Түрк Республикасындагы жарыяларында Давутоглу, түрк жана грек жооптуулардын Кипр сапарларынын «абдан маанилүү болгонун» белгиледи жана грек жооптууларга сүйлөшүүлөргө дагы активдүү түрдө катышуулары чакырыгын салды.
Давутоглу бул ыкманын диалогдун уланышы үчүн эки тараптын тең жакшы ниетин көрсөтө ала турганын ойлоп, «Алгач Кипрдын Рум тарабына баралы, андан кийин Кипрдын Түрк тарабына барып, чай ичели»,-дегенин баяндаган.
Кытайдын «Синхуа» маалымат агенттиги «Түркия Македонияны колдойт» деген кабарында премьер-министр Ахмет Давутоглунун Түркияга келген Македониянын премьер-министри Груевски менен болгон жолугушуусунан кийин биргелеше маалымат жыйын өткөрүп, Түркия менен Македониянын жалгыз саясий карым-катнаштарды күчтөндүрүү эмес, ошол эле убакта соодалык карым-катнаштарды да күчтөндүргүсү келгенин сөз кылганын баяндаган.
Давутоглу Македонияда жашаган түрк жарандарынын «достук көпүрөсү» болгонун, өзүнүн түрк ишкерлерин Македонияга инвестиция жасоолору багытында шыктандырганын айтканын белгилеген.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар