Дүйнөлүк басма сөз 17.09.2014

Дүйнөлүк басма сөздө Түркия тууралуу маалыматтар.

128711
Дүйнөлүк басма сөз 17.09.2014


«La Vanguardia» гезити «Катар менен Түркиянын көз караштары бирдей» деген кабарында президент Режеп Таййип Эрдогандын: «Катар менен аймактык темалардагы көз караштарыбыз дээрлик бирдей. Акыркы жылдарда эки тараптуу карым-катнаштарыбызда маанилүү жылыштар болду жана булар уланат»,- дегенин жазган.
Эрдоган сөз сүйлөөсүндө: «Катар жана башка булуң өлкөлөрү менен болгон карым-катнаштарды стратегиялык жактан карап жатабыз. Аймактагы тынчтык жана ырааттуулуктун корголуусу боюнча Катар менен бирдей пикирдебиз»,- деди.
«Эл Ватан-Катар» гезити «Үлгү болуучу модель» аттуу кабарында Түркия-Катар карым-катнаштары аймак өлкөлөрү үчүн үлгү болуучу модель катары көрсөтүлгөнүн билдирген. Эки өлкөнүн жооптуулары саясий шайкештикте иш алпарышы жана Ислам дүйнөсүнүн кызыкчылыктарын камсыздоо үчүн аракет кылышы, сөз болгон карым-катнаштардын эң чоң өзгөчөлүктөрү болуп саналат.
Президент Эрдогандын Дохага барып, Катардын эмири шейх Темим бин Аль Сани менен жолугушуусу, эки лидердин арасындагы координация менен эки өлкөнүн ортосундагы кызматташтыктын барган сайын өнүккөнүн көрсөтүүдө.
«Эл Кудис Эл Араби» гезити «Дохада дипломатиялык кыймылдуулук» деген маалыматында Доханын акыркы күндөрдө дипломатиялык кыймылдуулукка күбө болуп жатканын жазган. Бул кыймылдуулук Египет, Сирия, Ирак жана Палестинадагы окуялардын себебинен келип чыгууда.
Ушул боюнча Түркиянын жаңы президенти Режеп Таййип Эрдоган жекшемби күнү Катардын борбор шаары Дохага барды. Бул сапар Эрдогандын президент болуп шайлангандан кийин араб өлкөсүнө жасаган алгачкы сапары болду. Ошондой эле бул сапар Түркия менен Катардын ортосундагы карым-катнаштардын терең жана жогорку деңгээлде экенин көрсөтүүдө. Өзгөчө бул эки өлкөнүн араб жана аймактык маселелерге карата мамилелеринде акыркы жылдарда шайкештик бар.
«Аль Жазира» гезити «Керри-Давутоглу жолугушуусу» баш сөздүү кабарында АКШнын мамлекеттик катчысы Жон Керринин ИШИМге каршы эл аралык коалиция түзүү темасында ийгиликтүү боло тургандарына ишенгенин сөз кылганын жазган. Түркиянын премьер-министри Ахмет Давутоглу болсо Американын бул уюмга каршы Иракта таштай турган кадамдары саясий ырааттуулукту камсыздоодо жетиштүү болбой турганын айтты.
Керри түрк жооптуулар менен жума күнү Анкарада сүйлөшүүлөрдү өткөргөндөн кийин: «Мен бул коалициянын араб өлкөлөрү, Европа өлкөлөрү, АКШ жана башка өлкөлөр менен бирге кеңири коалиция болооруна ишенемин»,-деди.
АНСАмед агенттиги Эрдогандын расмий чакыруу баракчасын жибергенин билдирген. Папалык Түркия сапары боюнча түрк өкмөтүнөн расмий чакыруусун алды. Бул маалымат ноябрь айынын аягы үчүн даярдыктар башталганын бирок сапардын мөөнөтү жана программасы азырынча белгилене элек экенин айткан Ватикандын маалымат кеңсесинин директору Педер Федерико Ломбарди тарабынан билдирилди.
Педер Ломбарди: «Папалык бүгүн эртең менен папа Френсистин өлкөгө жасай турган сапары үчүн Түркия Республикасынын Президенти Режеп Таййип Эрдогандын расмий чакыруу катын алды»,-деди. Ватикандын катчысы: «Ноябрь айынын акыркы күндөрүндө жасала турган сапардын даярдыктары уланат бирок сапардын мөөнөтү жана программасы азырынча белгилене элек»,- деп кошумчалады.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар