Дүйнөлүк басма сөз 6. 08. 2014

Дүйнөлүк басма сөздө Түркия тууралуу маалыматтар

80925
Дүйнөлүк басма сөз 6. 08. 2014

Тышкы иштер министрлиги Израилдин Газада кол салууларын күчтөндүргөнүн белгилеп Газадагы бир гана электр станциясынын бутага алынышынын ооруканаларга, мечиттерге жана БУУнун мектептерине жасалган кол салууларынын Израилдин чек билбегенинин көрсөткүчү экенин билдирди.
Иран кабар агенттиги ИРНА тышкы иштер министрлигинин Израилди Газа кол салуулары менен адамзатка карата кылмыш кылуу менен күнөөлөгөнүн жазган. Агенттик кабарында тышкы иштер министрлигинин жазуу түрүндөгү маалыматында көп сандаган палестиналык аял жана баланын өлүмүнө себеп болгон кол салууларды айыптаганын белгилеген. Кабарда кол салуулардын түрк калкы менен бирге бардык жарандык коом уюмдары жана саясий партиялар тарабынан да көптөгөн жолу айыпталганын билдирген.
Премьер – министр Р. Т. Эрдоган 2004 – жылы эң белгилүү еврей мекемелеринин бири болгон Америка еврей конгрессинен алган сыйлыкты кайра берди. ISNA агенттигинин берген маалыматына караганда Түркиянын Вашингтон элчиси Сердар Кылыч Эрдогандын бул сыйлыкты кайра тапшыруудан ыраазы экенин белгилеген. Маалыматта Кылычтын : «Урматтуу Эрдогандын Израилдин Газа жана Батыш Шериадагы демилгелерин көрбөстүккө салуусун күтпөш керек»,- дегени да билдирилген.
Түркиядагы түздөн түз чет элдик инвестициялар май айында 2013 - - жылдын ушул эле мезгили менен салыштырылганда 25, 2 пайызга өсүп 5 миң 696 миллион долларга жеткен. Италиянын АНСАмед агенттиги тема тууралуу маалыматында ушул эле мезгилде кыймылсыз мүлк инвестицияларынын 41, 6 пайызга өсүү менен 1542 миллион долларга жеткенин жазган. Агенттик 2014 – жылдын биринчи беш айында Италиянын 409 миллион долларлык инвестиция салганын белгилеген. Маалыматта Түркияга көп инвестиция салган өлкөлөрдүн арасында 1556 миллион доллар менен Голландия, 329 миллион доллар менен Улуу Британия, 209 миллион доллар менен Германия, 185 миллион доллар менен булуң өлкөлөрү, 126 миллион доллар менен АКШ, 58 миллион доллар менен Франция жана 21 миллион доллар менен Австриянын орун алганын билдирген.
Түркияда активдүү болгон чет элдик фирмалардын 23 миң 386сынын борборунун Стамбулда, 4 миң 229нун Антальяда, 2 миң 405нин Анкарада, 2 миң 24нүн Измирде, 1 514нүн Муглада жана 854нүн да Мерсинде экени кабарда орун алган.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар