Дүйнөлүк басма сөз 9. 07. 2014

123244
Дүйнөлүк басма сөз 9. 07. 2014

Премьер – министр Р. Т. Эрдогандын өткөн жумада Адилеттүүлүк жана Өнүгүү партиясынын депуаттары тарабынан президенттикке талапкер катары көрсөтүлүүсү, эл аралык басма сөздө кенен орун алды.
Англис басма сөз мекемеси ББСи премьер – министр Эрдогандын президенттикке талапкер катары көрсөтүлүүсүн : «Эрдоган Түркиянын президенттиги үчүн жарышат» деген темада жарыялады.
Англис Financial Times гезити да кабарды интернет сайтында «Эрдоган Түркиянын алгачкы президенттик жарышына кирүүдө» деген темада берген.
Немис «Spiegel» журналы менен «Die Zeit» гезиттери «Адилеттик жана Өнүгүү партиясы Эрдоганды президенттикке талапкер көрсөттү» деген тема менен берген.
Премьер – министр Эрдогандын президентикке талапкерлигинин билдирилүүсүн N24 телекөрсөтүү каналы жана Фокус журналы сыяктуу кээ бир басма сөз мекемелери акыркы минута маалыматы катары берди.
«Le Figaro» гезити Эрдогандын эң аз 5 жыл дагы Түркияны башкарууга талапкер экенин жазган.
France 24 телекөрсөтүүсү болсо «Адилеттик жана Өнүгүү партиясынын президенттикке талапкери Эрдоган» деген маалыматында Эрдогандын шайлоодо жеңиш менен чыгуу мүмкүнчүлүгүнүн абдан жогору экенин билдирген.
Борбору Lиондогу кабар каналы Euronews болсо кабарында 11 жылдан бери Түркияны башкарган Эрдогандын популярдуулугун сактаганы жана «анкеталарга карата шайлоодо жеңиш менен чыгышы качылгыс экени» боюнча баа берүүгө орун берген.
«Der Standard» гезити «Түркия Республикасынын азыркы учурдагы премьер – министри Режеп Таййип Эрдоган алты жуманын ичинде боло турган шайлоодо президент болот»,- деген.
«Kurier» гезити да «Эрдоган эми расмий түрдө президент болот» деген маалыматында премьер – министр Эрдогандын Венага жасаган сапарынын абдан чоң толкундануу жаратканы баса белгиленди.
Кытайдын расмий агенттиги Синьхуа премьер – министр Р. Т. Эрдогандын президенттикке талапкер болуусун биринчи беттен берген. Синьхуа кабарды «Түркиянын премьер – министри президенттик үчүн жарышат» деген темада жарыялаган.
Босния – Герцеговинанын эң негизги гезиттеринин бири болгон «Ослобождение» кабар системасынын биринчи бетинде орун алган кабар «Эрдоган Түркиядагы президенттик шайлоого талапкер болду» деген темада жарыялап, кабарда Эрдогандын Түркияда президент эл тарабынан шайлана турган шайлоодо жарышарына басым жасаган.
Сербиянын алдыңкы гезиттеринен «Курир» да премьер – министр Эрдогандын талапкерлигин окурмандары менен бөлүштү. Кабарда «Премьер – министр Эрдоган Түркия президенттигине талапкер» деген маалымат жарыялаган.
Азербайжан басма сөзү премьер – министр Р. Т. Эрдогандын президентикке талапкер көрсөтүлүүсүн биринчи кабар катары жарыялаган.
Орус кабар агенттиги Риа – Новости талапкерлик кабарын акыркы минута катары берип «Президенттик шайлоо Түркия тарыхында жаңы бир бет ачат» деген темада берген кабарда премьер – министр Эрдогандын билдирүүлөрүнө кенен орун берген. Премьер – министр Эрдогандын президентикке талапкерлигинин билдирүүсүнө Иран басма сөзү да кенен орун берген.
Ирандын англис тилинде берүүлөрүн экранга чыгарган Пресс тв «Премьер – министр Эрдоган шайлоодо жеңиш менен чыгуусу жана саясий лидерлигин улантуусунун күтүлөп жатканына» орун берген.
Фарс кабар агенттиги да президент Абдуллах Гүлдүн талапкер болбой турганын билдирүүсүнөн кийин Эрдогандын талапкеригинин «сюрприз эмес экенин» жазган.
Эс алуу максатында күн өткөн сайын дагы көп турист Түркияны тандап жатат.
Италиянын АНСАмед кабар агенттиги маданият жана туризм министрлиги тарабынан жарыяланган акыркы маалыматтарга таянып берген кабарында 2014 – жылдын январь – май айларынын арасында чет элдик зыяратчы санынын 10 миллион 903 миң 146 экенин жазган. Кабарда 2013 – жылдын ушул эле мезгилине салыштырганда 4, 08 пайыздык өсүү болгону баса белгиленген. Кабарда Түркияны эң көп тандагандардын немистер экени, немистерден кийин орустар, ирандыктар, француздар жана италиялыктардын келгени белгиленди.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар