Дүйнөлүк басма сөз 2. 07. 2014

Дүйнөлүк басма сөздө Түркия тууралуу маалыматтар

114854
Дүйнөлүк басма сөз 2. 07. 2014

Европа Биримдиги Комиссиясынын кеңейүүдөн жооптуу комиссары Штефан Фюле Түркияга келди. Фюле тышкы иштер министри Ахмет Давутоглу менен тышкы иштер министрлигинин расмий турак жайында жолугушуу өткөрдү.
Тышкы иштер министри Ахмет Давутоглу Штефан Фюле менен жолугушуусунда Түркиянын Европа Биримдиги менен сүйлөшүү процессинде сот, эркиндик, адилеттик жана конституция тууралуу 23 – 24 – темалардын ачылуусун суранды.
Немис «Daily» гезити Түркиянын Европа Биримдигине мүчө болуусун колдогон Штефан Фюле менен Давутоглу жолугушуусунун : «Мыйзам тышы миграция жана Түркия менен Европа Биримдигинин арасында кол коюлган жана мигранттардын өлкөлөрүнө кайра жиберилүүсүн күткөн келишим жана Түркиянын Европа Биримдигинен түрк жарандары үчүн визаны жоюуну сурануусунун» алкагында ишке ашканын жазган.
Иран расмий кабар агенттиги ИРНА да Түркия жогорку улуттук парламентинин Европа Биримдиги менен кол коюлган Түркия аркылуу мыйзамсыз түрдө Европага качкан качкындардын тапшырылуусуна байланыштуу келишимди мыйзамдаштырганын жазган. Агенттик маалыматында Европа Комиссиясынын кеңейүүдөн жооптуу мүчөсү Штефан Фюленин социалдык медиада түрк тилинде жарыялаган кабарында мыйзамдын Түркия Жогорку Улуттук Парламентинен өтүүсүнөн улам ыраазычылыгын билдиргенин белгилеген. Келишим боюнча сөзү болгон долбоордун ишке кирүүсү менен Европа Биримдигинин үч жылдын ичинде жана баскыч түрүндө түрк жарандарына карата визаны жойот. Анкара менен Европа Биримдигинин арасында түрк жарандары үчүн визанын киргизилүүсү тууралуу сүйлөшүүлөр өткөн жылдын экинчи жарымында башталган.
Түрк аба жолдору күнүмдүк операциясынын бир продюссердик топ тарабынан көрүнүштөрүнүн алынуусуна биринчи жолу уруксат берилди. Программа алдыбыздагы күз айларында Nat Geo People жана Natıonal Geographic Channel каналдарынан берилет. Испаниянын Europa Press агенттиги даректүү фильмдин максатынын аба жолу фирмасындагы күнүмдүк иш алып баруунун кандай экенин кызыккандарга көрсөтүү экенин жазган. Программа Стамбул Ататүрк аэропортундагы жуманын акырындагы бир күндүн көрүнүштөрүн берет. Көрүүчүлөр 106 өлкөнүн 255тен ашуун жерине учкан түрк аба жолдорунун логистикасын, кабина экипажынын жана учуу сааттарын жөнгө салган кызматкерлер, ошол эле учурда жоголгон багаж боюнча жооптуу «дедективдердин» кандай иштегенин көрүшөт.
Ошол эле учурда түрк аба жолдору Италияда азыркы учурда учкан Рим, Милано, Венеция, Наполи, Болонья, Генуя, Турин жана Катаниядан кийин тогузунчу шаар болгон Писага жаңы уча баштады.
Италиянын «La Nazione» гезитинин берген маалыматына караганда Писа менен Стамбулдун арасындагы түз учуулардын башталуусу, бир гана Түркиянын жана босфордогу сыйкырдуу шаардын көрүнүүсүнө эле шарт түзбөстөн ошол эле учурда жылда 45 миллионго жакын жүргүнчү келген Стамбул Ататүрк аэропортунун стратегиялык абалынын саясында түрк аба жолдорунун дүйнөдөгү 107 өлкөдө 256 жерге учуусуна уруксат берилет.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар