Дүйнөлүк басма сөз 25. 06. 2014

Дүйнөлүк басма сөздө Түркия тууралуу маалыматтар.

106943
Дүйнөлүк басма сөз 25. 06. 2014

Президенти Абдуллах Гүл: «Негизги максатыбызы азыр Түркияны аймактагы абалдардан өзгөчө Ирак менен Жакынкы Чыгыштын башка аймактарындагы радикал уюмдар тарабынан ишке ашырылган катуу кагылышуулардан алыс кармоо»,- деди.
ИРНА кабар агенттиги «Максатыбыз Түркияны алыс кармоо» деген маалыматында президент Абдуллах Гүлдүн Ирак тууралуу билдирүүлөрүнө орун берген. Агенттик президент Абдуллах Гүлдүн Кыркларелинде сүйлөгөн сөзүндө Ирактын экинчи чоң шаары Мусулдун Ирак Дамаск Ислам мамлекети террордук уюму тарабынан басылып алынуусунан кийин Ирактагы абалдардан тынчсызданып жатканын белгилеп : «Оболу өлкөбүздүн коопсуздугун түзүү жана ортодогу жаман абалдарды Түркияга чагылдырбоо»,- дегенин белгилеген.
Тышкы иштер министри Ахмет Давутоглу Ирактагы бийликтегилердин кыймылынын абдан чоң коркунучту түзгөнүн, радикал жана террордук уюмдар аркылуу башка террордук коркутуулардын ушул кыймылдардын саясында жаралганын белгилеген. Давутоглу : «Кааласа ИШИД кааласа башка формаларда болсун террордун бардык түрү адамзаттын баары үчүн коркунуч»,- деди.
Англияда чыккан «Ел Шарк Ел Евсат» гезити : «Иракта болгондор ички согуш» деген маалыматында тышкы иштер министри Давутоглунун Стамбулда өткөрүлгөн Түркия – Германия Стратегиялык Диалог Механизмасынын 2 – жыйынынан кийин немис кесиптеши Франк-Вальтер Штайнмайер менен өткөргөн биргелешкен маалымат жыйынында жасаган билдирүүсүнө орун берген. Гезит Давутоглунун Түркия менен Германиянын демократиялык нарктар жана адам укуктарын жактаган өлкөлөр катары Ирак жана Сирия кризиси тууралуу орток көз карашка ээ экендерин айтканын жана ушуга окшогон эч болбогон адамзаттык тышы иштелген Сирияга каршы эл аралык коомдун кыймылынан тынчсызданганы билдирилгенин белгиленген. Немис тышкы иштер министри Франк-Вальтер Штайнмайер Түркиянын Европа Биримдигине мүчөлүгү тууралуу : «Эгерде алдыга жылууну кааласак мүчөлүк сүйлөшүүлөрүндө укуктук мамлекет темаларынын да ачылуусун жактообуз керек. Мунун тескерисин ойлогон кишилердин муну ашып өтүүсүнөн үмүт кыламын»,- деди.
Немис ДПА кабар агенттиги өткөн жумада Стамбулга келген тышкы иштер министри Франк -Вальтер Штайнмайердин Түркиянын Европа Биримдигине мүчөлүгү тууралуу сүйлөшүүлөрдү ылдамдатууну каалаганын жазган. Маалыматта тышкы иштер министри Ахмет Давутоглунун да Штайнмайер менен жолугушуусунда Түркиянын мүмкүн болушунча эртерээк Европа Биримдигине мүчө болууну каалаганын баса белгилеп : «Германиянын да бул максатыбызды колдоосун күтүүдөбүз»,- дегенин белгилеген.
ТРТ Жибек Жолунун көркөмдүү тарыхын кайрадан жандандыруу жана Жибек Жолу аркылуу өткөн өлкөлөрдүн ортосундагы салттык достук жана кызматташтык биримдигин колдоо үчүн : «Ата Журттан Эне мекенге: Жибек Жолу» даректүү киносун бере баштады.
Кытай кабар агенттиги Синьхуа даректүү фильмдин «Шиан: Батышка ачылган каалга», «Уйгур цивилизациясы», «Нур чыгыштан чыгат» жана «Кытай дубалынан Румелиге» сыяктуу 26 минуталык 13 бөлүмдөн турганын жарыялаган. Маалыматта бул эмгекти жараткан фирманын төрагасы Кемал Чифтчи менен өткөрүлгөн сүйлөшүүгө орун берилген. Сүйлөшүүдө Чифтчинин даректүү фильм үчүн Кытай, Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан, Түркмөнстан, Азербайжан жана Иран сыяктуу Жибек Жолу өткөн 17 өлкөгө барылганын жана киного тартуунун алты айга созулганын айтканы белгиленген. Маалыматта тарыхый Жибек Жолунун таасиринин Түркияда азыр да ачыкча көрүлгөнүн айткан даректүү фильмдин режиссеру Экрем Боразандын да : «Жибек Жолу соодагерлери үчүн даярдалган кербен сарайлар, базарлар жана мончолор азыркы учурда да колдонулууда. Түркия активдүү түрдө бул тарыхый курулуштарды оңдоп жана коргоп жатат. бул баалуу тарыхый маданий мурастар азыркы учурда туризм булагы болду»,- дегени да белгиленген.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар