Түркия Газада күн сайын 15 миң кишиге ысык тамак берип жатат

Түрк Кызылайы оор шарттарга карабастан ишмердүүлүгүн улантууда.

2151601
Түркия Газада күн сайын 15 миң кишиге ысык тамак берип жатат

Түркия Израилдин кол салуусу астындагы Газанын Дейр Белах аймагында курулган жана ысык тамак тараткан ашкананын кубаттуулугун арттырып күн сайын 15 миң кишиге тамак берүүдө.

Түрк Кызылайынын билдирүүсүнө караганда, 7-октябрда башталган кагылышуулардан кийин Газадагы иш-аракеттерин токтотпогон Кызылай, ашканасын алгач Газанын түндүгүнөн Рафахка, андан соң Израилдин кургактык операциясынан кийин Рафахтан Дейр Белах аймагына көчүрүүгө аргасыз болду.

Аймакта кээде баллон газ табылбагандыктан жергиликтүү Кызылай кызматкерлери урандылардан чогултулган отун менен казандарды кайнатты, ашканада бышырылган тамактар ​​чоң казандар менен Газанын ар кайсы аймактарында чогулган муктаждарга жеткирилди.

Оор шарттарга карабастан ишмердүүлүгүн уланткан Түрк Кызылайы, Дейр-Белахтагы ысык тамак берүү жана таратуучу ашкананын дараметин күн сайын 10 миңден 15 миң кишиге көбөйтүп бардык мүмкүн эместиктерге жана коркунучтарга карабастан үлгүлүү күрөштү көрсөттү.



Тектеш кабарлар