Ок атышууну токтотуу сунушуна карата Хамастын мамилеси

Жакынкы Чыгышка сапарынын алкагында Израилде расмий өкүлдөр менен сүйлөшүүлөрдү өткөргөн Блинкен Газада ок атышпоо сунушуна байланыштуу билдирүү жасады.

2151617
Ок атышууну токтотуу сунушуна карата Хамастын мамилеси

Америка Кошмо Штаттарынын (АКШ) мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен, Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяхунун Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук Кеңешинде кабыл алынган Газада ок атышпоо сунушуна колдоосун дагы бир жолу тастыктаганын, Хамастын мамилесинин болсо «үмүт берүүчү белги» экенин айтты.

«The Times of Israel» гезитинин кабарына караганда, Жакынкы Чыгышка сапарынын алкагында Израилде жетекчилер менен сүйлөшүүлөрдү өткөргөн Блинкен Газада ок атышпоо сунушуна байланыштуу билдирүү жасады.

Блинкен, Батыш Кудста кечээ өткөрүлгөн жыйында премьер-министр Нетаньяхунун Газада ок атышпоо сунушуна карата «колдоосун дагы бир жолу ырастаганын» билдирди.

Блинкен ошондой эле Хамастын да АКШ тарабынан даярдалган ок атышпоо сунушуна байланыштуу БУУнун Коопсуздук Кеңешиндеги добуш берүүнү кубатташын «үмүт берүүчү белги» деп сыпаттады.

Кечээ Израилдин премьер-министри Нетаньяху жана коргоо министри Йоав Галлант менен жолугушкан Блинкен бүгүн эртең менен президент Исаак Герцог менен жолугушту.

Блинкен Тель-Авивде Улуттук биримдик партиясынын лидери Бенни Ганц, ошондой эле мурдагы премьер-министр жана негизги оппозиция лидери Яир Лапид менен жолугушкан.

Израилден мурда Египетте жолугушууларды өткөргөн Блинкен Катар менен Египетти «ок атышпоо келишимине кол коюусу үчүн Хамаска кысым көрсөтүүгө» чакырган.



Тектеш кабарлар