Нигерияда ар бир үч баланын бирөөсү азык  - түлүк тартыштыгын жашап жатат

Бириккен Улуттар Уюмунун Балдар Фондунун (ЮНИСЕФ) Нигериядагы кеңсесинен берилген  билдирүүдө Нигерияда тамак - аш тартыштыгына кабылган балдардын саны 2012 - жылы 45 пайыз болгон болсо 2022 - жылы 32 пайызга чейин азайып, туруктуу азайганы белгиленди.

2151492
Нигерияда ар бир үч баланын бирөөсү азык  - түлүк тартыштыгын жашап жатат

Нигерияда ар бир үч баланын бирөөсүнүн кагылышуу, климаттык кризис жана теңсиздиктен улам олуттуу азык  - түлүк тартыштыгын жашагандыгы билдирилди.

Бириккен Улуттар Уюмунун Балдар Фондунун (ЮНИСЕФ) Нигериядагы кеңсесинен берилген  билдирүүдө Нигерияда тамак - аш тартыштыгына кабылган балдардын саны 2012 - жылы 45 пайыз болгон болсо 2022 - жылы 32 пайызга чейин азайып, туруктуу азайганы белгиленди.

Билдирүүдө Нигерияда болжол менен ар бир 3 баладан бирөөсүнүн кагылышуулар, климаттык кризистер жана теңсиздиктен улам  тамак-аш тартыштыгын жашап жаткандыгы маалымдалды.

Бул абалдын  балдардын өмүрүнө коркунуч туудурган туура эмес тамактануу ыктымалдыгын 50 пайызга чейин жогорулата турганы айтылып : «Нигерия жакырчылык ичинде жашаган 181 миллион баланын дээрлик үчтөн эки бөлүгү болгон 20 өлкөнүн арасында орун алууда»,- деп айтылды.

 Бүткүл дүйнө жүзү боюнча жана Нигерияда балдарга аш болумдуу,  коопсуз жана жеткиликтүү варианттарды камсыз кыла албаган түрдүү факторлордун балдардын жетишсиз тамактануусундагы кризисти күчөтүп жаткандыгы белгиленди.

Нигерияда өкмөт менен Эл аралык куткаруу комитети тарабынан жарыяланган отчетто өлкөдө тамак  - аш коопсуздугунан улам  июнь – июль -  август айларында  32 миллион кишинин ачкачылык менен бетме – бет келери билдирилген.



Тектеш кабарлар