Реиси жерге берилди

Тебриз, Кум, Тегеран жана Бирженд шаарларында өткөрүлгөн жаназа зыйнатынан кийин Ибрахим Реиси кечээ Мешхед шаарында акыркы сапарга узатылды.

2143562
Реиси жерге берилди

Тик учак кырсыгында каза болгон Ирандын президенти Ибрахим Реисинин сөөгү Мешхеддеги Имам Реза мүрзөсүндө өткөрүлгөн жаназа зыйнатынан кийин жерге берилди.

Тебриз, Кум, Тегеран жана Бирженд шаарларында өткөрүлгөн жаназа зыйнатынан кийин Ибрахим Реиси кечээ Мешхед шаарында акыркы сапарга узатылды.

Реиси 19-майда Чыгыш Азербайжан провинциясында Азербайжан чек арасындагы плотинанын ачылышынан кайтып келе жаткан тик учак кырсыгынан каза болгон. Реиси менен бир тик учакта каза болгон тышкы иштер министри Хусейн Эмир Абдуллахиян да борбор шаар Тегерандын Рей шаарында жерге берилди.



Тектеш кабарлар