Дайынсыз жоголгон альпинисттин сөөгү табылды

Эверестке чыгууда туура эмес пландоо жана жагымсыз аба ырайы кээ бир альпинисттердин өлүмүнө алып келет.

2143596
Дайынсыз жоголгон альпинисттин сөөгү табылды

Дайынсыз болуп жаткан 40 жаштагы кениялык альпинист Черуиёт Кируинин Эверест чокусуна жакын жерден жансыз денеси табылды.

Everest Today агенттигинин маалыматына караганда, Кируинин сөөгү Эвересттин чокусуна жакын аймактан табылды. Кениялык альпинисти жетектеген Наванг аттуу непалдык альпинисттен азырынча кабар жок.

Кениялык альпинист Кируи менен непалдык гид мурунку күндөн бери дайынсыз эле.

Кируи кошумча кычкылтексиз Эверестке чыгууга аракет кылган биринчи африкалык альпинист экени айтылды.

Эверестке чыгууда туура эмес пландоо жана жагымсыз аба ырайы кээ бир альпинисттердин өлүмүнө алып келет.



Тектеш кабарлар