Израилдин аскердик учактары Нусайрат качкындар лагеринде бир үйдү бутага алды

Израилдин Газа тилкесинин түрдүү аймактарына абадан жасаган кол салууларында араларында  балдар да болгон көп сандаган палестиналык каза болду.

2154541
Израилдин аскердик учактары  Нусайрат качкындар лагеринде бир үйдү бутага алды

Израилдин Газа тилкесинин түрдүү аймактарына абадан жасаган кол салууларында араларында  балдар да болгон көп сандаган палестиналык каза болду. 

Палестинанын расмий маалымат агенттиги WAFAнын билдиргенине караганда, Израилдин аскердик учактары Газа тилкесинин борбордук бөлүгүндөгү Нусайрат качкындар лагериндеги бир үйдү бутага алды. Кол салууда 2 палестиналык каза болуп, 12 киши жараланды.

Израиль армиясынын Бурайж жана Мегази качкындар лагерине жасаган  артиллериялык кол салууларында көп сандаган киши жараланды.

Израилдин согуштук учактарынын Газанын түштүк - чыгышындагы Аз-Зейтун районуна жасаган кол салуусунда кеминде 8 палестиналык каза болду.

Медициналык топтор Газа тилкесинин борборундагы Нусейрат лагеринде 2 күн мурда Израиль аскердик учактар бомбалаган үйүнүн урандылары астында калган Эр-Рай үй-бүлөсүнөн 3 бала менен апасынын жансыз денесин чыгарды.

Газадагы Саламаттыкты сактоо министрлиги кечээки билдирүүсүндө Израилдин Газа тилкесине 7  -октябрдан бери жасаган кол салууларында кеминде  15 миң 517си бала, 10 миң 279 аял болгон 37 миң 431 палестиналыктын каза болгонун, 85 миң 653 палестиналыктын жаралангандыгын билдирди.

Урандылардын астында азыр да миңдеген сөөктүн  бар экени билдирилип, эл баш калкалаган ооруканалар жана билим берүү мекемелери бутага алынып жарандык инфраструктура да талкаланууда.

 



Тектеш кабарлар