Орусияда өзөктүк курал колдонууга карата машыгуу

Билдирүүдө, машыгуунун алкагында аталган аймакка караштуу аскердик бөлүктөрдүн «Искендер» тактикалык ракеталык системасы үчүн керектүү ок-дарыларды белгиленген пунктка жеткиргени жана колдонулушу үчүн даярдык көрүлөрү кабарланды.

2142678
Орусияда өзөктүк курал колдонууга карата машыгуу

Орусия өзөктүк курал колдонууга карата машыгуу өткөрүүдө.

Орусиянын Коргоо министрлигинин билдирүүсүндө, «Орус президентинин тапшырмасы менен Башкы штабдын башчысынын жетекчилигинде Түштүк аскер округунда стратегиялык эмес өзөктүк куралдарды даярдоо жана колдонуу боюнча машыгуунун биринчи этабы башталды»,-деп айтылды.

Билдирүүдө, машыгуунун алкагында аталган аймакка караштуу аскердик бөлүктөрдүн «Искендер» тактикалык ракеталык системасы үчүн керектүү ок-дарыларды белгиленген пунктка жеткиргени жана колдонулушу үчүн даярдык көрүлөрү кабарланды.

Машыгууга гиперүндүү «Кинжал» ракеталары менен жабдылган учактардын да катыша турганы маалымдалган билдирүүдө: «Машыгуунун кээ бир Батыштык жетекчилердин Орусияга каршы коркутууларды камтыган чагымчыл билдирүүлөрүнө жооп катары Орусиянын өзөктүк күчтөрүнүн даярдыгын жогорулатуу, өлкөнүн аймактык бүтүндүгүн жана эгемендигин коргоо максатында уюштурулгандыгына көңүл бурулду.



Тектеш кабарлар