Нигерияда мечитке жасалган кол салууда каза болгондордун саны көбөйүүдө
Жарылууга байланыштуу жүргүзүлгөн териштирүүлөрдө 1 киши камакка алынды.
2143033
![Нигерияда мечитке жасалган кол салууда каза болгондордун саны көбөйүүдө](http://cdn.trt.net.tr/images/xlarge/rectangle/71b5/c2e2/3e98/64be143de94d5.jpg?time=1718478850)
Нигериянын Кано штатында өткөн жумада мечитте болгон жардыруудан каза болгондордун саны 17ге жетти.
Кано полициясынын коомчулук менен байланыштар кызматкери Абдуллахи Харуна билдирүүсүндө, 15-майда провинциянын Гезава аймагындагы Лараба Абасава айылында эртең мененки намаз учурунда мечитке ыргытылган молотов коктейлинен улам жарылуунун болгонун эске салды.
Харуна жарылууда жаралангандардын алтоосунун каза болгонун, каза болгондордун саны 17ге жеткенин билдирди.
Президент Бола Ахмед Тинубу жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө бул трагедиялуу кыймылды айыптап, укук коргоо органдарына кылмышкерлердин тыкыр иликтенип, соттолушун камсыз кылууну тапшырды.
Жарылууга байланыштуу жүргүзүлгөн териштирүүлөрдө 1 киши камакка алынды.