Израиль Дублин, Осло элчилерин чакырды

Израилдин тышкы иштер министрлигинен берилген жазуу түрүндөгү маалыматта тышкы иштер министри Исраэль Кацтын Дублин жана Ослодогу Израиль элчилерин кеңешүү үчүн «дароо» өлкөгө чакыргандыгы белгиленди.

2142870
Израиль Дублин, Осло элчилерин чакырды

Израиль Палестина мамлекетин тааныбай тургандыгын жарыялаган Ирландия жана Норвегиядагы элчилерин кайра чакыруу чечимин чыгарды.

Израилдин тышкы иштер министрлигинен берилген жазуу түрүндөгү маалыматта тышкы иштер министри Исраэль Кацтын Дублин жана Ослодогу Израиль элчилерин кеңешүү үчүн «дароо» өлкөгө чакыргандыгы белгиленди.

Элчилердин Ирландия менен Норвегиянын Палестина мамлекетин тааныбай турганын жарыялашы менен чакырылгандыгы билдирилди.

Тышкы иштер министри Кац Испания  да Палестина мамлекетин таануу чечимин чыгара турган болсо, Мадриддеги элчисинин да чакырыларын белгиледи.

Ирландиядан кийин Норвегиянын тышкы иштер министрлиги бүгүн билдирүү жасап, эл аралык мыйзамдарга жана Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук Кеңешинин тиешелүү резолюцияларына ылайык Палестинаны тааный турганын жарыялады.

Испаниянын премьер  - министри Педро Санчез да өлкөсүнүн  28 -  майда Палестина мамлекетин расмий тааный тургандыгын билдирген.

 

 



Тектеш кабарлар