Йоав Галлант : "Эч кимдин Израилди сынаганга акысы жок"

Израилдин мамлекеттик телеканалы KANдын кабарына караганда Йоав Галлант Израилдин түндүгүндө, Ливан чек арасында Голани бригадасынын офицерлери жана аскерлери менен жолугушту.

2142867
Йоав Галлант : "Эч кимдин Израилди сынаганга акысы жок"

Эл аралык кылмыш сотунун башкы прокурору Керим Хан эл аралык «камоо чечиминин» чыгарылышы үчүн кайрылууда болгон Израилдин коргоо министри Йоав Галлант  дүйнөдө эч кимдин Израилди сынга алуу акысынын жок экендлигин ортого салды.

Израилдин мамлекеттик телеканалы KANдын кабарына караганда Йоав Галлант Израилдин түндүгүндө, Ливан чек арасында Голани бригадасынын офицерлери жана аскерлери менен жолугушту.

Эл аралык кылмыш сотунун башкы прокурорунун «кармоо чечими» үчүн кайрылуусуна токтолгон Галлант Израилдин премьер  - министри Беньямин Нетаньяху жана коргоо министринин сот алдына чыгышын каалагандардын «Израилдин аскрелерине кол салгандыгын» айтты.

Галлант : «Дүйнөдө эч кимдин Израилди жана биздин ммилебизди сынга ала турган укугу жок»,- деди.

Эл аралык кылмыш сотунун башкы прокурору Керим Хан Израилдин премьер-министри Нетаньяху менен коргоо министри Галлантты "камоо чечими» үчүн кайрылууда болгонун  жарыялаган.

Эл аралык соттун жазуу түрүндөгү билдирүүсүнө караганда, Хан, Нетаньяху жана Галланттан тышкары Хамастын Саясий бюросунун башчысы Исмаил Хания, Хамастын Газадагы лидери Яхя Синвар жана Хамастын аскердик канаты Иззеддин ал-Кассам бригадаларынын лидери Мухаммед ал-Дайф тууралуу  “камоо чечими” үчүн кайрылган.

 



Тектеш кабарлар