Газада каза болгондордун саны 35 миң 709га жетти

Израилдин Газага 229 күндөн бери улантып жаткан кол салуулары тууралуу маалымат берилди.

2143023
Газада каза болгондордун саны 35 миң 709га жетти

Израиль армиясынын 2023-жылдын 7-октябрынан бери Газа тилкесине кол салууларында каза болгондордун саны акыркы 24 саатта 62ге көбөйүп 35 миң 709га жетти.

Палестинанын Саламаттык сактоо министрлигинин Газадагы билдирүүсүндө, Израилдин Газага 229 күндөн бери улантып жаткан кол салуулары тууралуу маалымат берилди.

Израиль армиясынын акыркы 24 саатта Газанын ар кайсы аймактарына кол салууларында «алты кыргын» кылганы жана бул кол салууларда дагы 62 палестиналыктын каза болгондугу, 138 палестиналыктын жараланганы белгиленди.

Израилдин 7-октябрдан бери Газа тилкесине кол салууларында каза болгондордун саны 35 миң 709га, жаралуулардын санынын да 79 миң 990го жеткени кабарланды.

Билдирүүдө урандылардын астында жана жол жээктеринде дагы деле жансыз денелердин бар экендиги, бирок Израиль күчтөрүнүн тоскоолдугунан улам медициналык топтор менен жарандык коргонуу өкүлдөрүнүн бул сөөктөргө жете албаганы кайталанды.



Тектеш кабарлар