Айрым Европа Биримдиги өлкөлөрү Грузияга карата визасыз режимди жоюну каалап жатат

Европа Биримдиги Грузия жарандары үчүн виза мажбурдуулугун  2017 - жылы жойгон.

2142957
Айрым  Европа Биримдиги өлкөлөрү Грузияга карата визасыз режимди жоюну каалап жатат

Нидерландия, Чехия, Эстония жана Швеция болгон бир группа Европа Биримдиги өлкөсү "чет элдик таасиринин тактыгы" мыйзамынын айынан Грузия менен визасыз режимди жоюну ойлоп жатат.

Financial Timesтын өз булактарына таянып берген кабарга караганда бул өлкөлөрдүн өкүлдөрү Европа Биримдигинин мыйзам чыгаруу органдарына Тбилисиге каршы санкция киргизүүнү сунушташты. Сунушталган чаралардын арасында  Европа Биримдиги  фонддорундагы грузин активдеринин тоңдурулуш  жана “чет элдик агент” мыйзамын колдогон саясатчыларга каршы жеке санкцияларды камтууда. 

Европа Биримдиги Грузия жарандары үчүн виза мажбурдуулугун  2017 - жылы жойгон. 

Муну менен бирге ошол эле гезитке маалымат берген европалык бир дипломат айрым өлкөлөрдүн визасыз өтүүлөрүн жоюну каалабагандыгын айтты.  Financial Timesка маек берген дипломат : "Жаңылыш кишилерди бутага алуу үчүн этият мамиле кылуу керек",- деди. 

 



Тектеш кабарлар