Нетаньяху бардык эскертүүлөргө карабастан Рефахка кол салуусунан баш тартпай турганын билдирди

Америкалык CNBC телеканалына сүйлөгөн Беньямин Нетаньяху, Рефахтагы чабуулдарын уланта тургандарын билдирип:«Биз эмне кылышыбыз керек болсо, ошону кылышыбыз керек»,-деди.

2140410
Нетаньяху бардык эскертүүлөргө карабастан Рефахка кол салуусунан баш тартпай турганын билдирди

Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху бардык эл аралык эскертүүлөргө карабастан Газанын түштүгүндөгү Рефах аймагында «зарыл болгон нерсени жасайбыз» деди.

Америкалык CNBC телеканалына сүйлөгөн Беньямин Нетаньяху, Рефахтагы чабуулдарын уланта тургандарын билдирип:«Биз эмне кылышыбыз керек болсо, ошону кылышыбыз керек»,-деди.

Америка Кошмо Штаттары менен Рефах темасында «пикир келишпестик болгонун» кабыл алган Нетаньяху, Америка өкмөтүнүн колдоосуна маани бергенин белгилеп: «Кээде аман калуу жана келечегиңди кепилдөө үчүн зарыл болгон нерселерди жасоо керек болот»,-деп айтты.

«Биз жеңишибиз керек, башка тандообуз жок», - деп айткан Нетаньяху: «Бирок, өзүңөр билесиңер, биздин биринчи премьер-министрибиз (Дэвид) Бен-Гурион Американын каршылыгына карабай, Израиль мамлекетинин көз карандысыздыгын жарыялаган»,-деди.

Израилдин премьер-министри эл аралык соттордо өзүнө каршы козголгон доо арыздар тууралуу суроого жооп берип жатып, «бута өзү эмес, Израиль мамлекети» экендигин айтты.

Беньямин Нетаньяху процесстин аягында эки мамлекеттүү чечимдин «Хамасты катыштырбаган жарандык башкаруу» жана «жалпы коопсуздукту Израилге өткөрүп берүү» менен гана мүмкүн болорун жактады.

Ошол эле учурда The Times of Israel гезитинин кабарына караганда, Нетаньяху видео кайрылуусу менен бөлүшүп, 1,5 миллионго жакын жер которгон палестиналык баш калкалаган Рефах шаарынан 500 миң кишинин чыгарылганын, аймакта эч кандай гуманитардык апаат болбогонун айтып чыкты.

Нетаньяху бир нече ай бою Хамастын артынан Газанын башкаруусу тууралуу суроолорду талкуулап жатышканын айтты.

Хамас жеңилгенге чейин «эртеңки күндөгү» сүйлөшүүлөрдүн мааниси жок экенин айткан Нетаньяху Израилдин Газадагы «жарандык башкаруу» маселесине чечүүчү жол табуу үчүн аракет кылганын жана жасалган иштердин айрымдарынын жашыруун экенин айтты.

Израилдин 7-октябрдан бери Газа тилкесине кол салууларынан көбү балдар жана аялдар болгон 35 миңден ашуун палестиналык каза болду.



Тектеш кабарлар