Мексикада аял мэр куралдуу кол салууда каза болду

Мичоакан аймагынын Ички иштер министлигинин X баракчасындагы билдирүүдө, Фигероанын өлтүрүлүшү айыпталды.

2148637
Мексикада аял мэр куралдуу кол салууда каза болду

Мексикада Клаудия Шеинбаум өлкө тарыхындагы биринчи аял президент болуп шайлангандан бир күн өткөндөн кийин батыштагы Котижа шаарынын аял мэри Йоланда Санчес Фигуэроа куралдуу кол салууда каза тапты.

Улуттук басма сөздө орун алган кабарга караганда, Котижа шаарынын аял мэри Фигероа көчөнүн ортосунда ок жеп каза болду.

Мичоакан аймагынын Ички иштер министлигинин X баракчасындагы билдирүүдө, Фигероанын өлтүрүлүшү айыпталды.

Фигероа 2023-жылы сентябрда Халиско аймагынын Гвадалахара шаарындагы соода борборунан уурдалып, 3 күндөн кийин табылган.

2-июнда Мексикада жаңы президентти аныктоо үчүн шайлоо өткөрүлгөн. Кечээ жарыяланган жыйынтыкка караганда, шайлоодо Клаудиа Шейнбаум жеңишке жеткен.



Тектеш кабарлар