Хизбуллах Израилге "биринчи жолу" учкучсуз учуучу аппарат менен кол салды

Хизбуллах жасаган билдирүүдө  Израилдин түндүгүндөгү чек ара сызыгында жайгашкан Метулла отурукташуу жериндеги аскердик бутага сокку урулганы белгиленди.

2140622
Хизбуллах  Израилге "биринчи жолу" учкучсуз учуучу аппарат менен кол салды

Хизбуллах  Ливандын түштүгүнөн Израиль чек арасында жайгашкан Метулла отурукташуу жериндеги аскердик бутага куралдуу учкучсуз учуучу аппарат менен «биринчи жолу» кол салганын жарыялады.

Хизбуллах жасаган билдирүүдө  Израилдин түндүгүндөгү чек ара сызыгында жайгашкан Метулла отурукташуу жериндеги аскердик бутага сокку урулганы белгиленди.

Аймакта жайгашкан аскердик унаага жана  айланасындагы аскерлерге С-5 үлгүсүндөгү эки ракетаны ташыган учкучсуз учуучу аппарат  менен кол салуу жасалганы белгиленди.

Хизбуллах учкучсуз учуучу аппараттар менен жасаган кол салуусунан улам Израиль аскерлеринин ортосунда каза болгон жана жаралуулардын бар экендиги белгиленип, Израиль армиясынан окуя тууралуу азырынча маалымат бериле элек. 

 

 



Тектеш кабарлар