Дания Украинага бере турган Ф - 16 аскердик учактарын «согуш мыйзамынын чегинде» тапшырат

Нидерландия Киев башкаруусуна 42 Ф - 16 учагын, Дания болсо 19 Ф - 16 учагын бере турганын жарыялаган.

2147024
Дания Украинага бере турган Ф - 16 аскердик учактарын «согуш мыйзамынын чегинде» тапшырат

Дания Украинага бере турган Ф - 16 аскердик учактарын Россиянын аймагында колдонуунун «согуш мыйзамынын чегинде» болорун билдирди.

Даниянын тышкы иштер министри Ларс Локке Расмуссен Бельгиянын борбор шаары Брюсселде журналисттердин темага байланыштуу суроолоруна жооп берди.

Расмуссен Украинага Ф - 16ларды жеткирүүнүн алкагында бул учактарды колдонуу үчүн учкучтарды жана персоналды окутууга да жардам бере тургандарын белгиледи.

Украинанын Россиянын аймагында Ф - 16ларды колдонуу мүмкүнчүлүгүн карап чыккан  Расмуссен : «Чабуул жасалган өлкөнүн өзүн коргоосу толугу менен согуш мыйзамынын чегинде»,-деди.

Ф – 16лардын берилишинин Украинанын Россияга «каалагандай кол салуу» үчүн «толук жоопкерчилик» берилди деген мааниге келбегендигин белгилеген министр Расмуссен бул учактардын Украинанын «Россия территориясындагы аскердик  объектилерге кол салуу менен орус армиясын алсыратуу мүмкүнчүлүктөрүнөн пайдалануу үчүн” берилгенин баса белгиледи.

Нидерландия менен Дания 2023 - жылдын май айында Украинага Ф - 16ларды берүү жана аларды колдонуу үчүн украиналык учкучтарды окутуу боюнча макулдашкан.

Нидерландия Киев башкаруусуна 42 Ф - 16 учагын, Дания болсо 19 Ф - 16 учагын бере турганын жарыялаган.

 



Тектеш кабарлар