Ляйен : "Путин бомбалабасын, сүйлөшүүлөр башталсын"

Европа Биримдиги Комиссиясынын төрайымы Урсула фон дер Ляйен  Россиянын президенти Владимир Путиндин Украинанын бомбалоону токтото турган болсо эртеси күнү тынчтык сүйлөшүүлөрүнүн өткөрүлө аларын айтты.

2139173
Ляйен : "Путин бомбалабасын, сүйлөшүүлөр башталсын"

Европа Биримдиги Комиссиясынын төрайымы Урсула фон дер Ляйен  Россиянын президенти Владимир Путин Украинаны бомбалоону токтото турган болсо эртеси күнү тынчтык сүйлөшүүлөрүнүн өткөрүлө аларын айтты. 

Европа Парламентинин шайлоо өнөктүгү үчүн Италиянын борбор шаары Римге  барган фон дер Ляйен премьер-министрдин орун басары жана тышкы иштер министри, Forza Italia партиясынын  (FI) лидери Антонио Таяни жана жаштар менен менен жолугушту.

Италия басма сөзүндө орун алган кабарларга караганда фон дер Ляйен жолугушууда 2022-жылдын февраль айынан бери уланып келе жаткан Россия  - Украина согушуна баа берип : «Путин бомбалоону токтото турган болсо эртеси күнү   тынчтык сүйлөшүүлөрү өткөрүлүшү мүмкүн. Бирок тынчтык процессин украиндер башкаруусу керек",- деди.

Европа Биримдиги Комиссиясынын төрайымы Экинчи дүйнөлүк согушунан  (1939 - 1945) кийин бир тынчтык тартибин түзгөндөрүн, Россиянын буга каршы чыкканын айтты. 

Ошол эле учурда  фон дер Ляйен жаштар менен жолугушуу боло турган жерге барганда  аны 10 кишиден  турган топ "Уялгыла" жана "Палестинага эркиндик" сыяктуу ураандардын коштоосунда нааразычылык акциясы менен тосуп алышты.

 

 



Тектеш кабарлар