Кенияда болгон селде 52 киши дайынсыз жоголду
Нөшөрлөп жааган жамгырдан улам cел жүрүп, Африкада Кения, Танзания, Сомали, Бурунди сыяктуу өлкөлөргө терс таасирин тийгизүүдө.
Кениянын Май - Махиу шаарында нөшөрлөгөн жамгырдан улам болгон селде 52 киши дайынсыз жоголду.
Улуттук басма сөздө орун алган кабарларга караганда өкмөт өкүлдөрү селде 52 кишинин жоголгондугун, селден жабыркагандар үчүн курулган 200гө жакын лагердин ишин улантып жаткандыгын билдиришти.Өкмөттүн басма сөз катчысы Исаак Мваура өлкөдө 14 - майда болгон селден каза болгондордун саны 277ге жеткенин, ыңгайсыз аба ырайынан 411 миңге жакын киши жабыркап, 56 миң үй-бүлө үйлөрүн таштап кетүүгө аргасыз болгонун айткан. нөшөрлөп жааган жамгыр жол ачкан селден таасирин тийгизүүдө.
Нөшөрлөп жааган жамгырдан улам cел жүрүп, Африкада Кения, Танзания, Сомали, Бурунди сыяктуу өлкөлөргө терс таасирин тийгизүүдө.
Тектеш кабарлар
Газада каза болгондордун саны
Израилдин Газага бир жылдан бери улантып жаткан кол салуулары тууралуу маалымат берилди.