Индонезияда сел жана жер көчкүдө каза болгондордун саны өсүүдө

Улуттук апаат менен күрөшүү агенттигинин билдирүүсүнө караганда, Батыш Суматрадагы сел жана жер көчкүдөн улам дагы 7 кишинин сөөгү табылды.

2139368
Индонезияда сел жана жер көчкүдө каза болгондордун саны өсүүдө

Индонезиянын Батыш Суматра провинциясында Мерапи жанар тоосунун жарылышы менен чогулган   таш, күл жана  муссон жамгырларынын натыйжасында болгон сел,  жер көчкүдө    каза болгондордун саны 50гө жетти.

Улуттук апаат менен күрөшүү агенттигинин билдирүүсүнө караганда, Батыш Суматрадагы сел жана жер көчкүдөн улам дагы 7 кишинин сөөгү табылды.

Буга чейин сел жана жер көчкүдөн 50 адам каза болуп, 37 адам жабыркаган.

Штат боюнча 3 миң 396 адам жер которгон болсо, 27 адам дайынсыз болууда.

Аба ырайынын катаал шарттарына байланыштуу издөө-куткаруу иштери убактылуу токтотулду.

Жабыркаган аймактарда көчмө ашканалар жана көчмө суу тазалоочу жайлар курулду.

Индонезиянын Суматра аралынын батышында жайгашкан Мерапи жанар тоосу 3 - декабрда биринчи жолу жарылган.  Жанар тоонун биринчи жарылуусунан бери жүздөгөн жолу жарылуусунун натыйжасында аймактын тургундарына атылуу борборунан 4,5 чакырым радиустагы аймакка кирүүгө жана иштөөгө тыюу салынган.

 



Тектеш кабарлар