Бельгия Украинага Ф - 16 учагы тууралуу убада берди

Бельгиянын премьер  - министри Александр де Кро менен Украинанын президенти Владимир Зекенский Брюсселде жолугушуп, 10 жылдык кызматташуу келишимине кол коюшту.

2145570
Бельгия Украинага Ф  - 16 учагы тууралуу убада берди

Бельгия бул жылдын ичинде Украинага биринчи Ф  - 16  аскердик учагын тапшыруу убадасын берди. 

Бельгиянын премьер  - министри Александр де Кро менен Украинанын президенти Владимир Зекенский Брюсселде жолугушуп, 10 жылдык кызматташуу келишимине кол коюшту.

Де Кроо биргелешкен пресс  - жыйында сүйлөгөн сөзүндө : "Бул келишим элиңизди коргоо үчүн аскердик жактан эмнеге  муктаж болгон болсоңуз ошого карата. Аабадан коргонуу, оор куралдар, бронетехника жана албетте Ф-16лар»,-деди. деди.

"Жыл аяктабастан биринчи учактарды берүүнү максат кылуудабыз",- деген Де Кроо ошол эле учурда экономикалык калыбына келүү, кайрадан куруу, орчундуу структуранын оңдолушу тармактарында да жардам берише тургандарын айтты. 

Де Кро 2028 -  жылга чейин 30 даана Ф  - 16  берүүнү максат кылгандарын жарыялады. 

Зеленский да : "Россия согушту кеңейтүүгө жана узартууга аракет кылууда,  тынчтыкты жакындата турган так кадамдарга муктажбыз",- деди. 

Быйыл биринчи Ф  - 16ларды колдонууну каалашкандарын белгилеген Зеленский, Европа Биримдигинен  мүчөлүк сүйлөшүүлөрүнүн иш жүзүндө башталышы боюнча июнь айында чечим кабыл алышын күтүп жаткандыгын айтты.

Зеленский Бельгия менен 10 жылдык келишимге кол койгондорун жана бул өлкөнүн болжол менен 1 миллиард евролук финансылык милдеттенме алганын билдирди. 

Украинанын президенти Зеленский бельгиялык кесиптештери менен Европа Биримдиги тарабынан тоңдурулган орус активдеринен алынган 1,7 миллиард евролук кирешени пайдалануу боюнча сүйлөшүүлөрдү да жүргүзгөнүн белгиледи.

 

 



Тектеш кабарлар