БУУ, ДССУ, Европа Биримдиги Израилди Газа тууралуу эскертти

Жетекчилер Газада Рафахка карата ыктымалдуу кыймылдын апаатка алып келерин кайталашты.

2134521
БУУ, ДССУ, Европа Биримдиги Израилди Газа тууралуу эскертти

БУУнун баш катчысы Антонио Гутерреш,  Дүйнөлүк Саламаттыкты Сактоо Уюмунун директору Тедрос Гебрейесус жана Европа Комиссиясынын төрага орун басары жана Европа Биримдигинин Тышкы карым  - катнаштар жана Коопсуздук Саясаттарынын жогорку өкүлү Жозеп Боррел Израилдин премьер  - министри Беньямин Нетаньяхунун «Келишим болсо да болбосо да Рафахка киребиз» деген билдирүүсүнөн кийин эскертишти.

Жетекчилер Газада Рафахка карата ыктымалдуу кыймылдын апаатка алып келерин кайталашты.

Антонио Гутерреш Рафах тууралуу билдирүүсүндө : «Рафахка жасала турган аскердик кол салуу миңдеген жарандын өлүмүнө жана жүз миңдеген кишинин качууга мажбур болушуна себеп болот. Газадагы палестиналыктарда кыйратуучу таасир жаратат жана оккупациядагы Батыш Шериада жана кенен аймакта олуттуу кесепеттерди жаратат»,- деди.

Гебрейесус Израилди «алдыга жылбоого» чакырып : «Рафахка карата кенен масштабдуу кол салуу адамзаттык апаатка алып келет»,- деди.

Жозеп Боррел болсо : «Хамастын жок кылынышы  миңдеген кишинин өлүмү менен аткарыла албайт. Бир миллиондон ашуун коргоосуз кишинин дагы жер которуусу кыйратуучу болот. Израиль өкмөтүн эл аралык коомчулуктун чакырууларына кулак салууга жана саясий тынчтык жараянына конструктивдүү катышууга чакырабыз", - деди.

Израилдин премьер  - министри Нетаньяху Палестина каршы чыгуу кыймылы Хамас менен келишим түзүлсө да түзүлбөсө да Рафахка карата аскердик операциянын жүргүзүлөрүн белгилеген.

Израиль армиясы  7 -  октябрдан бери кол салууларын улантып жаткан Газада 34 миң  596 киши каза болду.



Тектеш кабарлар