Сомалидеги сел: 7 бала каза болду

Сомали менен катар Кения, Танзания, Бурунди жана Конго Демократиялык Республикасы да нөшөрлөгөн жамгырдан улам жүргөн селдерден терс таасирленүүдө.

2133865
Сомалидеги сел: 7 бала каза болду

Сомалиде акыркы күндөрдө нөшөрлөп жааган жамгырдан улам жүргөн селдерден 7 бала каза болду.

Жергиликтүү басма сөздөгү маалыматка караганда, Африканын чыгышына таасир эткен катуу жамгыр Сомалиге да терс таасирин тийгизди.

Жубаланд жана Хиршабелле штаттары баш болгон көптөгөн аймактар жапа чеккен жамгырдын айынан пайда болгон селдерден 7 бала каза болуп, 124 миңден ашуун сомалилик таасирленди.

Жетекчилер жамгырдын улана турганын эскертсе, селден жабыркагандарга жардамга чакырыгы айтылды.

Чыгыш Африка өлкөлөрүнүн бири Сомали менен катар Кения, Танзания, Бурунди жана Конго Демократиялык Республикасы да нөшөрлөгөн жамгырдан улам жүргөн селдерден терс таасирленүүдө.


Этикеткалар: #Африканын чыгышына

Тектеш кабарлар