Ляйенге "Согуш кылмышкерисиң" реакциясы

Фон дер Ляйен имараттын алдында фотосүрөткө түшүп жатканда бир демонстрант аял: "Сен согуш кылмышкерисиң" деп кыйкырды.

2133671
Ляйенге "Согуш кылмышкерисиң" реакциясы

Европа Биримдиги (ЕБ) комиссиясынын төрайымы Урсула фон дер Ляйен Израилди колдогону үчүн бир демонстранттын "Сен согуш кылмышкерисиң" деген реакциясына дуушар болду.  

Нидерландиялык басылмалардын маалыматына караганда, фон дер Ляйен Маастрихтте катышкан иш-чара өткөн имараттын алдында ондогон адамдардын нааразычылыгына туш болгон.

Фон дер Ляйен имараттын алдында фотосүрөткө түшүп жатканда демонстрант аял: "Сиз согуш кылмышкерисиз" деп кыйкырды.

Израилдин Газадагы кыймылдарына колдоо көрсөткөнү үчүн немис саясатчысына реакция кылган демонстрант аял фон дер Ляйенге, Израилдин кол салууларында миңдеген баланын каза болгонун эске салды.

Фон дер Ляйен ага айтылган сөздөргө жооп кайтарган жок, бирок демонстрант коопсуздук кызматкерлери тарабынан алыстатылды.

Германиянын биринчи аял коргоо министри катары да белгилүү болгон Фон дер Ляйен, Израиль Газа тилкесине кол салууларын баштаган 7-октябрдан кийин Израилге барган биринчи лидерлердин арасында орун алган жана билдирүүлөрүндө Евробиримдиктин Израилге "шартсыз колдоосун" айткан.

Израиль эли жана мамлекетине тилектештик үчүн бул сапарды ишке ашырганын маалымдаган фон дер Ляйен сапары учурунда Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху менен жолугушкан.

Евробиримдик администрациясы, Палестина-Израиль маселесин чечүүнүн эки мамлекеттүү түзүлүш менен гана мүмкүн болорун жактоодо.



Тектеш кабарлар