Түркия НАТОнун башкы катчылыгы үчүн Рюттени колдойт

Президент Эрдоган 26-апрелде Түркияга келген Нидерландиянын премьер-министри Рютте менен Вахдеттин сарайында жекеме-жеке жолугушуу өткөргөн.

2133370
Түркия НАТОнун башкы катчылыгы үчүн Рюттени колдойт

Түркия НАТОнун жаңы башкы катчылыгы үчүн Нидерландиянын премьер-министри Марк Рюттенин талапкерлигин колдой турганын уюмдун берки мүчөлөрүнө билдирди.

Рютте өткөн аптада Стамбулда президент Режеп Таййип Эрдоган менен жолугушуп, НАТОнун Башкы катчылыгы үчүн колдоо сурангандан кийин Түркия бүгүн Рюттени колдоорун НАТО мүчөлөрүнө билдирди.

Президент Эрдоган 26-апрелде Түркияга келген Нидерландиянын премьер-министри Рютте менен Вахдеттин сарайында жекеме-жеке жолугушуу өткөргөн.

Марк Рютте биргелешкен маалымат жыйынында, НАТОнун түштүк канатынын Түркияга жана Түркиянын лидерлигине муктаж экенин айткан.

Нидерландиянын премьер-министри Рютте: «Түркия чечүүчү ролду ойноп жатат. Муну менен бирге Газадагы абалды жөнгө салуу үчүн аракет кылууда. Ошол эле учурда Украинадагы бул коркунучтуу согушка байланыштуу да аракеттери бар. Бул жагынан сиз маанилүү роль ойноп жатасыз»,-деген.



Тектеш кабарлар