Кассам бригадалары Ливандан Израилге Катюша ракеталарын учурду
Ливандын түштүгүндө жайгашкан Кассам бригадасы Израилдин чек арадагы аскердик базасына чабуул тууралуу билдирүү жасады.
Хамастын аскердик канаты Иззеддин ал-Кассам бригадалары Ливандын түштүгүнөн Израилдин чек арага жакын жайгашкан аскерий базасын ондогон Катюша ракеталары менен аткылашты.
Ливандын түштүгүндө жайгашкан Кассам бригадасы Израилдин чек арадагы аскердик базасына чабуул тууралуу билдирүү жасады.
Билдирүүдө, Израилдин Газа тилкеси жана Батыш Шериадагы кыргынына жооп иретинде бул өлкөнүн чек арада жайгашкан Сибур лагери деп аталган 796-чыгыш бригадасынын «ондогон Катюша ракеталары менен бутага алынганы» белгиленди.
Израил армиясы билдирүүсүндө Ливандан 20 ракета учурулганын, көбүнүн абадан коргонуу системасы тарабынан зыянсыздандырылып, кээ бирлеринин ачык аймактарга түшкөнүн белгиледи.
Кол салуудан каза болгондордун жана кыйроолордун болбогону белгиленди.
Тектеш кабарлар
АКШдан Украинага 2 миллиард долларлык жардам
Украинага барган Блинкен Киевди колдоо боюнча комментарий берди.
Газада каза болгондордун саны 35 миң 233кө жетти
Израилдин Газа тилкесине 222 күндөн бери улантып жаткан кол салуулары тууралуу маалымат берилди.