Блинкен Галлант жана Ганц менен сүйлөштү
Блинкен Галлант жана Ганц менен өлкөсүнүн Израилдин коопсуздугуна колдоосун жана израилдик туткундардын бошотулушу үчүн жүргүзүлгөн сүйлөшүүлөрдү талкуулады.
![Блинкен Галлант жана Ганц менен сүйлөштү](http://cdn.trt.net.tr/images/xlarge/rectangle/f50e/48ff/7ede/6626129b95f62.jpg?time=1722044756)
Америка Кошмо Штаттарынын (АКШ) мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен Израилдин коргоо министри Йоав Галлант жана согуш кабинетинин мүчөсү Бенни Ганц менен өз-өзүнчө телефон аркылуу сүйлөшүү өткөрдү.
АКШнын Мамлекеттик департаментинин билдирүүсүнө караганда, Блинкен Галлант жана Ганц менен өлкөсүнүн Израилдин коопсуздугуна колдоосун жана израилдик туткундардын бошотулушу үчүн жүргүзүлгөн сүйлөшүүлөрдү талкуулады.
Ок атышпоо жарыяланышы жана гуманитардык жардамдардын жеткирилиши темалары каралаган сүйлөшүүлөрдө Блинкен, аймактагы чыңалууну азайтуу чараларынын маанисине көңүл бурду.
Блинкен Ганц менен сүйлөшүүсүндө, Газадагы чыңалуунун аймакка жайылышына бөгөт коюу темасына да токтолду.
Тектеш кабарлар
![Россиянын Коопсуздук кызматы : "Түркия Москвада бомбалуу кол салууга аралашкан шектүүнү тапшырды"](http://cdn.trt.net.tr/images/medium/rectangle/aa34/28e8/c722/632575083d857.jpg?time=1722044757)
Россиянын Коопсуздук кызматы : "Түркия Москвада бомбалуу кол салууга аралашкан шектүүнү тапшырды"
Орус чалгындоо кызматынан берилген маалыматта шектүүнүн Бодрумда кармалгандыгы билдирилди.