Германияда эки киши камакка алынды

2 кишинин жашаган жери жана жумуш орду тинтүүгө алынды.

2129336
Германияда эки киши камакка алынды

Германияда немис жана орус жарандыгы бар эки киши чет элдик жашыруун кызматтын агенти деген жүйө менен камакка алынды.

Федералдык прокуратуранын билдирүүсүнө караганда, Дитер С. жана Александр Ж. Украинанын чыгышындагы орусиячыл жикчилдер негиздеген "Донецк Элдик Республикасы (ПРД) уюмунун мүчөлөрү жана Орусиянын атайын кызматы менен байланышы бар деген жүйө менен камакка алынды.

Байвера кылмыш бюросу бул 2 кишинин жашаган жерин жана жумуш ордун тинтүүгө алды.

Кармалган адамдар атайын кызматтын агенттери, ошондой эле террордук уюмга мүчө болуу, жардыруучу зат даярдоо, саботаждык максатта тыңчылык кылуу, аскердик объектилердин коопсуздугуна коркунуч келтирүү сыяктуу ар кандай кыймылдар боюнча да айыпталууда.



Тектеш кабарлар