Израилдин Газа тилкесиндеги кол сауулары...

Газадагы Саламаттыкты сактоо министрлигинин билдирүүсү жарыяланды.

2134223
Израилдин Газа тилкесиндеги кол сауулары...

Израиль армиясынын Газа тилкесине кол салуусунан кеминде 33 палестиналык каза болду.

Газадагы Саламаттыкты сактоо министрлигинин билдирүүсүнө караганда Израиль армиясынын Газа шаарынын ар кайсы аймактарында үй-бүлөлөрдү бутага алган «кыргындарынын» натыйжасында акыркы 24 саатта 33 каза болгон, 57 жараланган киши ооруканаларга жеткирилди.

Министрлик 7-октябрдан бери Израилдин кол салууларынан каза болгондордун саны 34 миң 568ге, жаралуулардын саны 77 миң 765ке жеткенин жарыялады.

Билдирүүдө, жарандык коргонуу топторунун жетишсиздигинен улам урандылардын астында жана жолдордо дагы көптөгөн денелердин бар экени белгиленген.



Тектеш кабарлар