Франицянын Гваделупа аралында коменданттык саат киргизилет
2020 - жылдан бери Пуэнт-а-Питре Ин шаарынын мэри Гарри Дуримел жашы жете электердин арасындагы кылмыштуулуктун деңгээли 12 пайыздан 38 пайызга чейин өскөнүн билдирди.
Франциянын деңиз тышындагы аймактарынын бири болгон Гваделупа аралында кылмыштуулуктун көбөйүшүнө байланыштуу 18 жаштан төмөн болгондор үчүн белгилүү сааттарда коменданттык саат киргизилет.
Улуттук басма сөздөгү кабарларга караганда ички иштер министри Жеральд Дарманин, Франциянын Карибдеги Гваделупа аралында кылмыштуулуктун көбөйүшүнө шилтеме жасап, жергиликтүү убакыт боюнча саат 20:00дөн кийин Пуэнт-а-Питре шаарында жашы жете электерге коменданттык саат киргизиле турганын жарыялады.
Аралга барган Дарманин жуманын башында ишке кире турган коменданттык сааттын 2 ай ишке ашырыларын белгиледи.
Жашы жете электердин куралдар менен көчөгө чыкканына көңүл бурган Дарманин, бул жаштардын шаар тургундарын жана туристтерди коркутууларына уруксат бербей тургандарын айтты.
Министр Дарманин жарыялаган чечимде шаардын башкаруусу тарабынан ыраазычылык менен кабыл алынды.
2020 - жылдан бери Пуэнт-а-Питре Ин шаарынын мэри Гарри Дуримел жашы жете электердин арасындагы кылмыштуулуктун деңгээли 12 пайыздан 38 пайызга чейин өскөнүн билдирди.