Зеленский мобилизациялык мыйзамды күчөттү

Украина парламентинин сайтында Зеленский мобилизация, аскердик каттоо жана аскердик кызматка байланыштуу айрым маселелерди жакшыртуу максатында жаңы мобилизация мыйзамына кол койгону айтылган.

2128829
Зеленский мобилизациялык мыйзамды күчөттү

Украинанын президенти Владимир Зеленский өлкөдө аскердик мобилизациялоо шарттарын катаалдаткан мыйзамды жактырды.

Украина парламентинин сайтында Зеленский мобилизация, аскердик каттоо жана аскердик кызматка байланыштуу айрым маселелерди жакшыртуу максатында жаңы мобилизация мыйзамына кол койгону айтылган.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн 1 ай өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Украин парламенти 11-апрелде аскердик мобилизациянын шарттарын катаалдаткан мыйзам долбоорун кабыл алган.

Мыйзамга ылайык, мобилизация учурунда 18 жаштан 60 жашка чейинки эркектер дайыма аскердик каттоого турган күбөлүгүн алып жүрүшү керек, ал муну аскер комиссариатынын өкүлүнүн же милиция кызматкеринин талабы боюнча көрсөтүүгө тийиш.

Чек ара бекетинин же чек ара аймагындагы чек ара офицеринин талабы боюнча эркектер  аскердик каттоого туруу күбөлүгүн көрсөтүшү керек.

Мындан тышкары, чет өлкөдө жүргөндөр жана аскердик каттоого турган документи жоктор жаңы паспорт ала алышпайт.

Мыйзам жарыялангандан кийин аскердик кызмат өтөөгө милдеттүү болгон бардык адамдар жашаган даректерин, байланыш маалыматтарын жана аскердик каттоо маалыматтарын 60 күндүн ичинде тактоого милдеттүү.

18 жаштан 60 жашка чейинки аскер кызматына жооптуу адамдар Украинанын чет өлкөлүк дипломатиялык мекемелеринде аскердик каттоосу тууралуу маалыматты жаңырткан учурда гана консулдук кызмат ала алышат.



Тектеш кабарлар