Израиль палестиналыктарга таандык жерди конфискациялады

Хеброн муниципалитетинин билдирүүсүндө, Израиль баскынчы башкаруусунун шаардын түндүгүндөгү Эль-Бувейра аймагында палестиналык жарандарга таандык 64 гектардык жерди басып алуу үчүн аскердик чечим чыгарганын жарыялады.

2128800
Израиль палестиналыктарга таандык жерди конфискациялады

Израиль оккупацялаган Батыш Шериада Хеврон шаарында жаңы жөөт конушун куруу үчүн палестиналыктарга таандык 64 гектар жерди конфискациялады.

Хеброн муниципалитетинин билдирүүсүндө, Израиль баскынчы башкаруусунун шаардын түндүгүндөгү Эль-Бувейра аймагында палестиналык жарандарга таандык 64 гектардык жерди басып алуу үчүн аскердик чечим чыгарганын жарыялады.

Билдирүүдө чечимдин Газа тилкесиндеги согуштун толук ылдамдыгы менен уланып жаткан учурда чыгарылганы белгиленип, жердин мыйзамсыз жөөт отурукташкандар үчүн жаңы жерлердин курулушу үчүн колдонула турганы баса белгиленди.

Хеброн муниципалитети сөз болгон аскердик чечим менен аймактагы 8 миң кишилик Палестина калкынын мажбурлоо менен көчүрүү  үчүн даярдыктар көрүлүп жаткандыгы белгиленип, аймактагы 800 гектардык  жердин конфискацияланарын эскертти.

Чечимден кийин Халил шаарындагы расмий мекемелер жана бейөкмөт уюмдар жыйын өткөрүп, маселенин мыйзамдуу түрдө тыкыр көзөмөлдөнүшү жана аймактагы абалды күчөткөн ачык мыйзам бузууларды токтотуу үчүн тез арада кийлигишүүгө чакырышты.

 

 



Тектеш кабарлар