Газада каза болгондордун саны 33 миң 899га жетти
Израиль армиясы 194 күндөн бери Газа тилкесиндеги кыргынын улантууда.
2128918
Израилдин акыркы 24 саатта Газа тилкесине жасаган кол салууларында 56 палестиналыктын дагы каза болушу менен 7-октябрдан бери катталган каза болгондордун саны 33 миң 899га жетти.
Израиль армиясы 194 күндөн бери Газа тилкесиндеги кыргынын улантууда.
Палестинанын Саламаттыкты сактоо министрлигинен берилген маалыматта Израилдин Газа тилкесинде акыркы 24 саатта жасаган 6 кол салуусунда 56 кишинин дагы каза болгону, 89 кишинин жаралангандыгы маалымдалды.
Билдирүүдө кол салууларда каза болгондордун саны 33 миң 899, жаралуулардын саны 76 миң 664 экендиги маалымдалды.