Эл аралык авиакомпаниялары Израиль каттамдарын токтотууда

Израиль жана Ирандын ортосунда болгон чыңалуудан улам эл аралык авиакомпаниялары  аймакка карата каттамдарын жаңыдан пландап жатат.

2128743
Эл аралык авиакомпаниялары Израиль каттамдарын токтотууда

Эл аралык авиакомпанияларынын Израиль каттамдары коопсуздук тынчсыздануларынан улам токтотулууда же кечеңдетилүүдө.

Израиль жана Ирандын ортосунда болгон чыңалуудан улам эл аралык авиакомпаниялары  аймакка карата каттамдарын жаңыдан пландап жатат.

Британиянын Wizz Air авиакомпаниясы Ирандын 13 - апрелде Израилге жасаган чабуулунан кийин 14 - 15 - апрелде Тель - Авивге каттамдарын токтоткон.

Британ авиакомпаниясы easyJet да Израилдеги "уланып  жаткан кырдаалга" байланыштуу Тель - Авивге карата каттамдарын  27 - октябрга чейин токтотту.

Германиянын KLM Израилге каттамдарын 21-апрелге чейин токтоктотуп, каттамдарынын  Иран жана Израиль аркылуу жүргүзүлбөй турганын жарыялады.

Борбору Германия болгон  Lufthansa Group токтоткон Тель  -  Авив, Оман жана Эрбил каттамдарын бүгүндөн тарта баштады.

Авиакомпания Тегеран жана Бейрутка карата каттамдарын  18 -  апрелге чейин токтотуп, Иран аба мейкиндигин пайдаланбай тургандыгын билдирди. 

Air India Тель Авивге каттамдарын убактылуу токтотуу чечимин чыгарды. 

АКШнын United Airlines компаниясы Тель  -  Авив каттамдарын токтотту жана 1-  майга чейин аймакка билет алган жүргүнчүлөрүнө акчаларынын толугу менен кайтарылып берилерин билдирди.

Air Canada ишемби күнү Тель - Авивге учуусун токтоткондон кийин аймактагы кырдаалга байкоо жүргүзүүнү жана учуу графигин оңдоону уланта турганын жарыялады.

Австралиянын Qantas авиакомпаниясынын учактары Ирандын аба мейкиндигин колдонбоо үчүн багытын өзгөрткөнүн жарыялап, Virgin Atlantic авиакомпаниясы Ирак, Иран жана Израиль аркылуу учпаганын жана операцияларына карата  мүмкүн болуучу кесепеттер үчүн абалды көзөмөлдөөнү улантышарын жарыялады.

Iberia Express 14 жана 15 - апрелде Тель - Авивге каттамдарын токтотту.

Филиппин кабар агенттигинин (PNA) кабарына караганда, Тышкы иштер министрлигинен жасалган билдирүүдө Израилге карата саякат эскертүүсү жарыяланды.

Билдирүүдө Филиппиндин Тель - Авивдеги элчилигинин Филиппинден Израилге зарыл болбогон бардык саякаттарды белгисиз мөөнөткө же абал турукташканга чейин кийинкиге калтырууну сунуш кылганы маалымдалды. 

 

 



Тектеш кабарлар