Акыркы 75 жылда эң көп жаан - чачындын Бириккен Араб Эмираттарында (БАЭ) катталганы жарыяланды

Эң көп жаан-чачындын Эл Айн шаарынын Хатм аш-Шикле аймагында катталып, 24 сааттан аз убакытта 254,8 миллиметрге жеткени белгиленди.

2128609
Акыркы 75 жылда эң көп жаан - чачындын Бириккен Араб Эмираттарында (БАЭ) катталганы жарыяланды

Акыркы 75 жылда эң көп жаан - чачындын Бириккен Араб Эмираттарында (БАЭ) катталганы жарыяланды.

Бириккен Араб Эмираттарынын WAM маалымат агенттигинин кабарына караганда, Улуттук метеорология борбору ар кайсы аймактарда тынымсыз жааган жамгырдын каттамдардын жылдырылышына, аралыктан билим берүү жана иштөө ыкмасына өтүшүнө байланыштуу маалымат берди.

Билдирүүдө : "Түрдүү аймактарда акыркы 24 саатта заманбап тарыхтын эк жогорку жаан  - чачыны болду. Климаттык маалыматтар чогултула баштаган 1949 -  жылдан бери эң жогорку жаан  - чачын болгону катталды",- деп айтылды.

Эң көп жаан-чачындын Эл Айн шаарынын Хатм аш-Шикле аймагында катталып, 24 сааттан аз убакытта 254,8 миллиметрге жеткени белгиленди.

Кечээ кечке чейин өлкө тарыхында “өзгөчө окуя” катары катталган жаан-чачындын көлөмүнүн дагы да көбөйүшү күтүлүп жатканы маалымдалды.

БАЭнин Ислам иштери боюнча  башкармалыгы нөшөрлөгөн жамгырдан таасирленген аймактарда намазды үйдө окууга чакырды. 

Etihad аба жолдору борбор шаар Абу Дабиде аба ырайынан улам каттамдардын кечигүүсү күтүлүп жатканын жарыялады.
БАЭ улуттук өзгөчө кырдаалдар, кризис жана табигый кырсыктарды башкаруу комитети жамгырдан жабыркаган аймактарда «зарыл болмоюнча үйдөн чыкпоого» чакырды.

 



Тектеш кабарлар