Угандада "кызыл көз" (конъюнктивит) оорусу күч алууда

Уганданын Саламаттыкты сактоо министрлигинин билдирүүсүндө өлкө боюнча “кызыл көз” оорусу күч алып жаткандыгы маалымдалды.

2128479
Угандада "кызыл көз"  (конъюнктивит)  оорусу күч алууда

Угандада акыркы 3 жумада жугуштуу "кызыл көз" (конъюнктивит) оорусун жуктургандардын саны 7500дөн ашты.

Уганданын Саламаттыкты сактоо министрлигинин билдирүүсүндө өлкө боюнча “кызыл көз” оорусу күч алып жаткандыгы маалымдалды.

Билдирүүдө акыркы  3 жумада бейтап саны  954төн  7 миң  596га жогорулагандыгы белгиленди.

Абак, мектеп жана саламаттыкты сактоо борборлорунда көбөйгөн бейтап саны эң көп Кампала, Аруа, Мбале жана Кагади сыяктуу аймактарда күч алгандыгы белгиленди.

Саламаттыкты сактоо адистери "кызыл көз" оорусу фабрикалар, базарлар жана аянтчалар сыяктуу чөйрөлөрдө жана калк жыш жайгашкан шаарларда тездик менен жайылып жатканын эскертти.

Адистер бул илдетке чалдыккандарга кара көз айнек тагынууга кеңеш берип, бул адамдар төшөктөрүн жана колдонгон буюмдарын бөлүү керектигин баса белгилешти.

 

 



Тектеш кабарлар