Путин президенттик күбөлүгүн алды

Кремль сарайынан берилген маалыматка караганда Путин Памфилова менен кеңсесинде жолугушту.

2128550
Путин президенттик күбөлүгүн алды

Орусияда өткөн президенттик шайлоодо 87,28 пайыз добуш менен жеңген Владимир Путин шайлоо күбөлүгүн Орусиянын Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Элла Памфиловадан алды.

Кремль сарайынан берилген маалыматка караганда Путин Памфилова менен кеңсесинде жолугушту.

Памфилова Орусия Федерациясынын президенттигине шайлоодо жеңип чыккан Путинге шайлоо күбөлүгүн тапшырды.

Путин өз сөзүндө Борбордук шайлоо комиссиясындагы бардык кызматкерлерге жана жергиликтүү кызматкерлерге ыраазычылык билдирип:«Бул жумуш абдан оор болду, мен түшүнөм. Бирок бул өлкө үчүн, мамлекеттин ички туруктуулугу үчүн, өзгөчө бүгүнкү күндө абдан маанилүү»,-деп айтты.

Орусия Федерациясында 15-17-мартта президенттик шайлоо өтүп, катышуу 77,49 пайызды түздү.

Талапкер болгон азыркы президент Путин 87,28 пайыз добуш менен жеңишке жетти.

Кайра шайланган Путин дагы 6 жыл кызматында калат.

Май айында азыркы мөөнөтү аяктаганда ант бере турган Путин 5-ирет Орусиянын президенттигине киришет.



Тектеш кабарлар