Остин Израилди колдой тургандарын кайталады

Пентагондун билдирүүсүндө, Остиндин израилдик кесиптеши Галлант менен телефон аркылуу сүйлөшкөнү айтылды.

2128204
Остин Израилди колдой тургандарын кайталады

Америка Кошмо Штаттарынын (АКШ) Коргоо министри Ллойд Остин Израилдин коргоо министри Йоав Галлантка өлкөсүнүн коргонуусуна көрсөтүшкөн колдоонун улана турганын кабарлады.

Пентагондун билдирүүсүндө, Остиндин израилдик кесиптеши Галлант менен телефон аркылуу сүйлөшкөнү жана «Ирандын Израилге 13-апрелде жасаган, «АКШ, Израиль жана союздаш күчтөрдүн биргелешкен коргонуу операциясы менен алдын алынган кол салуулардын кесепеттерин» талкуулаганы белгиленди.

Билдирүүдө Остиндин сүйлөшүүдө, өлкөсүнүн Израилдин коргонуусуна колдоосун жана «стратегиялык аймактык туруктуулук максатын» ырастаганы маалымдалды.  



Тектеш кабарлар