Израиль Иранга жооп кайтара турганын жарыялады

Израилдин мамлекеттик телеканалы KAN Иранга каршы «Иранды көзөмөлдөөгө, анын жооп кайтаруусуна бөгөт коюуга жана аймакты кеңири согушка сүйрөөсүнө жол бербей турган «чектелген чабуул» пландалып жатканын» жарыялады.

2128049
Израиль Иранга жооп кайтара турганын жарыялады

Израилдин башкы штабынын төрагасы Херзи Халеви Ирандын өлкөсүнө абадан жасаган чабуулуна жооп бере тургандарын билдирди.

Израилдин мамлекеттик телеканалы KAN Иранга каршы «Иранды көзөмөлдөөгө, анын жооп кайтаруусуна бөгөт коюуга жана аймакты кеңири согушка сүйрөөсүнө жол бербей турган «чектелген чабуул» пландалып жатканын» жарыялады.

 Иран менен болгон чыңалуунун күчөшүнөн улам Газанын экинчи планга түшүүсүн каалабаганына көңүл бурган берүүдө, жооптуу кызматкерлердин «Ирандын биринчи жолу өз аймагынан түздөн-түз кол салгандыгы үчүн кызыл сызыктан өтүп кеткенин» жана ага жооп берүү зарыл деп эсептегенин белгилеген.

Израилдин Аскердик Аба күчтөрү Иранга каршы ыктымал чабуулга даярдыгын аяктаганын билдирген берүүдө, чабуулдун формасы тууралуу эч кандай маалымат берилбесе дагы, Иранда киши өлтүрүү операциялары же кеңири масштабдуу электрондук кол салуу алыс деп эсептелбегени белгиленди.

Израилдин башкы штабынын төрагасы Херзи Халеви да Ирандын абадан кол салуусуна жооп бере тургандарын билдирди.

Израиль армиясынын жазуу түрүндөгү билдирүүсүнө караганда Халеви Ирандын 13-апрелдеги кол салуусунда «бир аз» зыян тартканы билдирилген Неватим аба базасына барды.

Халеви бул жердеги билдируусундө, «Биз келечекти карап жатабыз, кадамдарыбызды карап жатабыз жана Израилдин аймагына ушунча көп ракеталар, канаттуу ракеталар жана УУАлар (учкучсуз учуучу аппараттар) учурулганына жооп берилет»,-деп айтты.

Израиль 1-апрелде Дамасктагы Ирандын консулдугунун имаратына абадан чабуул жасап, Иран Төңкөрүшчү сакчылары корпусунан 7 киши, анын ичинде 2 генерал набыт болгон.

Иран Израилдин консулдугуна кол салуу анын өлкө аймагына кол салуу экенин жана алар жооп кайтара турганын жарыялаган. Израиль дагы Ирандын чабуулдарына жооп берерин билдирген.

Иран 13-апрелде жүздөгөн камикадзе учкучсуз учуучу аппараттар, баллистикалык жана канаттуу ракеталар менен Израилге кол салган.

Иран кээ бир буталарга сокку урулганын, Израиль болсо чабуулдардын көбүн абадан коргонуу системалары менен алдын алганын, бирок өлкөнүн түштүгүндөгү аскердик базага ракета тийгенин билдирди.



Тектеш кабарлар