Газада каза болгондордун саны 33 миң 843кө жетти

Израилдин Газага 193 күндөн бери улантып жаткан кол салуулары тууралуу маалымат берилди.

2128389
Газада каза болгондордун саны 33 миң 843кө жетти

Израиль армиясынын 7-октябрдан бери Газа тилкесине кол салууларында каза болгондордун саны 33 миң 843кө жетти.

Палестинанын Саламаттыкты сактоо министрлигинин Газадагы билдирүүсүндө, Израилдин Газага 193 күндөн бери улантып жаткан кол салуулары тууралуу маалымат берилди.

Билдирүүдө Израиль армиясынын Газа тилкесине акыркы 24 сааттагы кол салууларында дагы 46 палестиналыктын каза болгону, 110 палестиналыктын жараланганы белгиленди.

Израилдин Газа тилкесине кол салууларында 7-октябрдан бери каза болгондордун саны 33 миң 843кө, жаралуулардын санынын 76 миң 575ке жеткени кабарланды.

Билдирүүдө ошондой эле урандылардын астында жана жол жээгинде сөөктөрдүн табылганы, бирок Израиль күчтөрүнүн тоскоолдугунан улам медициналык топтор менен жарандык коргонуу кызматкерлеринин бул өлүктөргө жете албаганы маалымдалды.



Тектеш кабарлар