Израилдин президенти: "Бардык варианттарды карап жатабыз"

Ицхак Герцог британиялык Sky News телеканалына Ирандын аба соккусуна байланыштуу билдирүү жасады.

2127622
Израилдин президенти: "Бардык варианттарды карап жатабыз"

Израилдин президенти Ицхак Герцог Ирандын өлкөсүнө абадан сокку уруусунан кийин "бардык варианттарды карап жатабыз" деп билдирди.

Ицхак Герцог британиялык Sky News телеканалына, Ирандын 13-апрель түнү ишке ашырган аба соккусуна байланыштуу билдирүү жасады.

Ирандын чабуулун "согуш жарыялоо" деп сыпаттаган Герцог "токтоолук кылып (Иран менен болгон жаңжалдын) кесепеттерин билгендерин жана өнөктөштөрү менен бардык варианттарды карап жатышканын" айтты.

Израилдин «тынчтыкты жактоочусу» экенин маалымдаган Герцог: «Израиль түзүлгөндөн бери бул аймакта издеген эң акыркы нерсе согушка баруу»,-деди.

Израилдин биринчи кезектеги темасынын Газадагы туткундардын бошотулушу экенин белгилеген Ицхак Херцог, Газага «көп сандаган өтмөк дарбазаларын ачып, чоң өлчөмдөгү жардамдын парашют менен түшүрүлүшүн камсыздашканын» айтты.

Израиль 1-апрелде Ирандын Дамасктагы консулдугунун имаратына абадан чабуул жасап, Иран төңкөрүш сакчылары корпусунан 7 киши, анын ичинде 2 генерал набыт болгон.

Иран Израилдин консулдукка кол салуусунун өлкөсүнүн аймагына кол салууну билдиргенин жана жооп кайтара турганын жарыялаган.

Израиль да Ирандын чабуулдарына жооп кайтарарын билдирген.

Мурунку түнү Иран жүздөгөн камикадзе учкучсуз учуучу аппараттар, баллистикалык жана канаттуу ракеталар менен Израилге кол салып, кээ бир аскердик буталарга сокку урулганын кабарлаган.

Израиль болсо чабуулдардын көбүн абадан коргонуу системалары менен алдын алганын, бирок өлкөнүн түштүгүндөгү аскердик базага ракета тийгенин билдирген.



Тектеш кабарлар